Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:15

17:50 Жалалабатта студентти өлтүргөн кылмышкерлерди таап жазалоону талап кылышууда


Сузак районундагы Карадарыя айыл өкмөтүнүн 15 тургуну Жалалабат шаар прокуратурасы менен ички иштер бөлүмүнө келишти. Алар 5-январда Жалалабат мамлекеттик университетинин студентин өлтүргөндөрдү таап, аларга мыйзам чегинде жаза колдонууну өтүнүштү. Жаштар арасындагы өз ара жаатташып мушташууларды токтотууну талап кылышты. Жыл башындагы мушташка 15-16 бала катышкан болуу керек. Алардын ичинен байгер жашаган адамдардын балдары колго түшүрүлбөгөн. Бул тууралуу жабырлануучулардын өкүлү Анипа Айдарова менен Кыргызстан адам укугун коргоо комитетинин облустагы мүчөсү Максат Абдыкаимов билдирди. Шаар милициясынын белгилешинче адам өлтүргөн деген шек менен мектептин үч окуучусу кармалган. (YA)

XS
SM
MD
LG