Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:44

ТӨЛӨЙКАН ИСМАИЛОВА: АДИЛЕТ МИНИСТРИ МАРАТ КАЙЫПОВ МЫЙЗАМДЫ БУЗУУДА


Бүгүн бир катар бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү Адилет министрлигинин алдына пикетке чыгышып, министр Кайыповду мыйзам бузууларга жол берип, адам укугун басмырлоого тилектеш болууда деп айыпташты. Министрдин орун басары Бекболот Бекиев болсо укук коргоочулардын Марат Кайыповдун дарегине карата айтылган дооматтарында эч кандай негиз жок деп эсептейт.

«Кылым шамы», «Жарандык коом коррупцияга каршы» укуктук борборлору, «Маданият-тынчтык жарыгы» коомдук уюму, Укук коргоочулардын координациялык кеңеши Адилет министрлигинин жанында пикет өткөрүштү. Алар «Биз Конституцияга каршы келген токтомдун алынып салынышын талап кылабыз», «Тынч чогулуулар атуулдардын укугу» деген жазуулары бар плакаттарды колдоруна кармап турушту.

Укук коргоочулар министр Марат Кайыповдун аталган министрликтин Ысыккөл башкармалыгынын мурдагы башчысы Болотбек Сопуевди жума күнү өткөрүлгөн коллегияда катуу сындаганын туура эмес деп, анын иш аракеттерин сындап чыгышты. Алардын айтымында, Сопуев тынч митинг-пикеттерди чектөө тууралуу Каракол шаардык кеңшинин токтомун каттоодон баш тартып, мыйзамдын чегинде иш алып барган. Анын мындай чечимине нааразы болгон министр Кайыпов «эмне үчүн менин талабымды аткарбай, Конституцияга көз жумду мамиле кылуунун ордуна митинг, пикеттерди чектөө Баш мыйзамга карама-каршы келет деген чечим чыгарасың деп Сопуевди опузалаганы мыйзамга туура келбейт», дешти укук коргоочулар.

«Жарандык коом коррупцияга каршы» укуктук борбордун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова митинг пикеттерди чектөөгө жол бербеген Болотбек Сопуевдин таламын колдоорун айтты.

-Коомчулук биз Болотбек Сопуев мырзаны колдойбуз жана Ысыккөл башкармалыгынын Конституциянын кепилдигине таяп чыгарган тынч митингдерди кайра кайтарып, калыбына келтирсин деген чечимин колдойбуз. Бүгүнкү күнү коомчулукка биз адилет министри Марат Кайыпов мыйзамды бузган министр деп жарыя салабыз. Кантип биз ушундай министрлерге ишене алабыз.

Адилет министринин орун басары Бекболот Бекиев жума күнү болуп өткөн коллегияда Болотбек Сопуевге кысым көрсөтүлбөгөнүн, болгону кайсы мыйзамдын негизинде чечим кабыл алганы тууралуу суроо жолдонгонун билдирди. Министрдин орун басары укук коргоочулардын Марат Кайыповго коюп жаткан дооматтарында негиз жок дейт.

-Министр Марат Кайыповго карата укук коргоочулардын коюп жаткан дооматтарында негиз жок. Жума күнү болгон коллегияда негизинен 2007-жылдагы иштердин аткарылышы тууралуу маселе козголгон. Ал эми учурда министрликте ротация жүрүп жатат. Мына ошонун негизинде Болотбек Сопуев министрликтин буйругу менен башка кызматка которулду. Тактап айтканда Ысыккөл башкармалыгынын башчылыгынан Нарын облусунун башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.

«Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулова болсо Адилет министрлигинин пландын негизинде Сопуевди башка кызмат ордуна которгонуна ишенбестигин билдирди.

-Бул иш плановый эмес. Аны менен Марат Кайыпов бизди ишендире албайт. Керек болсо мурдагы режим учурунда биз Кайыповдун өзүн дагы колдоп жүргөнбүз. Мына ошол биз колдогон Кайыповдун каарынан кийин бул жигит башка жакка которулуп жатат. Чындыгында Сопуев бүгүнкү күндүн системасынын курмандыгы болуп атат.

Азиза Абдырасулова Болотбек Сопуев эле эмес, мыйзамга баш ийип, мыйзамдуулукту сактаган башка инсандарды дагы коргоону колго алышарын баса белгиледи. Анын айтымында, өлкөдө мыйзамдуулук сакталып, бардыгы мыйзамга баш ийгенде гана жарандык коом дагы, демократиянын принциптери жана адам укуктары сакталат. «Ошондуктан Сопуевге окшогондор куугунтукталып же жумуштарынан айдалбашы керек»,-дейт Абдырасулова.

Ал ошондой эле укук коргоочулардын кайрылуусун Адилет министрлиги кабыл албай, алардын коюп жаткан талаптарына көңүл бурулбагандыктан нааразылык акциясына чыгышканын белгиледи.

Төлөйкан Исмаилова болсо Адилет министрлиги, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги адам укугун коргоонун ордуна мыйзам бузууларга өздөрү жол берип жаткандыгынан улам мамлекетте адам укугун коргоо коркунучта калды, деп эсептейт.

-Биз айткыбыз келет бүгүнкү күндө Кыргызстанда адам укугу коркунучта. Биз эл аралык кыйноолорго каршы атайын «докладчиктерди» чакырабыз. Анткени мындай мамлекетте эл аралык инвесторлор каражат бөлүп демократиялык, укуктук өлкө кургула деген көмөктөрдү, биздин жетекчилер тескерисинче коррупциялаштырып, адамдарды жакырчылыкка алып барышты. Бүгүнкү күндө Кыргызстан кайрадан жабык коом болуп келатат, -деди Төлөйкан Исмаилова.

Ал эми Адилет министрлигинин Ысыккөл облустук башкармалыгынын жетекчиси Болотбек Сопуев менен байланышууга эч бир мүмкүнчүлүк болгон жок.

XS
SM
MD
LG