Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:38

БЕЛ КУР КҮРӨШҮ БОЮНЧА ӨЛКӨ ЧЕМПИОНДОРУ АНЫКТАЛДЫ


Бишкекте Кожомкул атындагы спорт ордосунда бел кур күрөшү боюнча өткөн өлкө чемпионатында алыш, лейлек, фергана, грек- рим, кыргыз күрөштөрүнүн балбандары күч сынашты. Бул бел кур күрөшү кийинки учурда эле таасири артып, эл аралык деңгээлге көтөрүлдү.

Бишкектеги бел кур күрөшү боюнча өлкө биринчилигине “Алыш”, “Лейлек”, “Фергана”, Кыргыз күрөшү, самбо, грек-рим жана эркин күрөш менен машыккандын баары күчүн сынап, бул күрөш боюнча өздөрүн байкап көрүштү.

Өлкөнүн Дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агентигинин жетекчисинин орун басары Алмаз Касеновдун пикиринде бел кур күрөшүнүн келечеги кең. Бул күрөш менен дүйнө элдеринин көбү машыккандыктан, айрыкча Азия калкына жайылганы эске алынып 2010- жылы Кытайдын Гуанжо шаарында өтө турган 16- Азия оюндарынын программасына киргизилди.

Кожомкул атындагы спорт сарайында 56, 61, 67, 74, 82, 90, 100 кг жана 100 кг жогору салмактар боюнча финалдык таймашууларда бел кур күрөшүнүн классикалык ыкмасы боюнча жеңүүчүлөрү аныкталды.

Жеңил салмактарда баш байгени бишкектик Каныбек Жолчубеков менен таластык Урмат Алчикенов жеңип алышты.

67 кг салмакта “Алыш” күрөш федерациясынын мүчөсү Мирбек Матиев биринчи орунду камсыз кылып, алтын медаль тагынды.

Ал эми 74 кг салмакта чемпиондук наамды дагы алышчы оштук балбан Исамидин Султанов утуп алды.

81 кг салмакта бардык атаандаштарын уткан жалалабаттык Нурбек Исмаилов биринчи орунду камсыз кылды.

Ошондой эле 90 кг. салмакта Кыргызстандын намысын эл аралык аренада коргоп, былтыр дүйнө чемпиону болгон бишкектик Курал Ордобаев табында экенин айгинелеп, жеништин бийик секисине дагы көтөрүлдү.

100 кг. салмакта “Алыш” күрөш федерациясынын мучөлөрү Эмил Кудайбергенов менен Али Юлдашев баш байге үчүн талапкер болушуп, мында Эмилге ийгилик ооп, чемпиондук алтын медаль тагынды.

Оор салмакта салмакта финалда жалалабаттык Арстан Салиев менен ички ишер министрлигинин балбаны Абдуталип Малажанов беттешип, Арстан намыска жарады.

Ошондой эле Бишкекте бел кур күрөшүнүн эркин ыкмасы боюнча таймашуулар болуп, жеңүүчүлөр аныкталды. “Динамо” спорт клубунун өкүлдөрү Женишбек Өзүбеков менен Автандил Анарбаев өлкө чемпиону аталды. Ошондой эле оштук балбан Акылбек Төрөбек, таластык Нурлан Нураков, жалалабаттык Нурбек Аканов бел кур күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпиондору болушту. 100 кг салмакта “алыш” күрөш федерациясынын өкүлү Чыңгыз Аканов женишке жетишсе, эң оор салмактын баш байгесин таластык Нияз Курманкулов утуп алды.

Бул ирет бел кур күрөшү боюнча кыз- келиндер дагы өлкө чемпиондугу үчүн таймашка чыгышты. Жеңил салмакта Кыргыз техникалык университетинин студенти Алыкул кызы Бурул женишке жетишти. 58 кг салмактагы кыздардын күч сынашуусунда ИИМдин академиясынын өкүлү Анара Эстебесова өлкө чемпиону аталды. Ал эми 66 кг салмакта нарындык Сарыгул кызы Элзат жеништин бийик сересине көтөрүлдү. 75 кг салмакта эркин күрөш боюнча Азия чемпионаттарынын күмүш жана коло байге ээси Яна Панова бел кур күрөшүнөн да мыкты экенин далилдеди.

Кыргызстандын Бел кур күрөш федерациясынын президенти Валерий Фуфачевдун айтымында, былтыр октябрда Орусиянын Уфа шаарында бел кур күрөшү боюнча дүйнөнүн алтынчы чемпионаты өткөрүлүп, анда элүүгө жакын мамлекеттердин балбандары катышкан. Уфада Кыргызстандын намысын коргогон Куралбек Ордобаев дүйнө чемпиону аталып, алтын медаль тагынып кайткан. Ошондой эле дүйнө чемпионаттарында кыргызстандык Чыңгыз Акканов, Исамидин Султанов, Туратбек Тойчубеков, Максат Батырбеков, Айбек Көккөзев жана Алексей Бем күмүш жана коло байге утуп алышкан. Жылдан жылга бел кур күрөшүнүн таасири артып, эл аралык кадыр-баркы жогорулап баратат.

Кыргызстанда “Алыш күрөшү”, “Лейлек күрөшү”, “Кыргыз күрөшү” жана “Фергана күрөшү” боюнча өз алдынча мелдештер өткөрүлүп келген. Кыргыз күрөшүн эл аралык деңгээлге көтөрүү демилгеси колдоого алынбай, ара жолдо калган. Учурунда парламент депутаты болуп турган маркум Баяман Эркинбаев болсо “Алыш” күрөшү боюнча көп аракеттерди көрүү менен Азия жана дүйнөлүк “Алыш” федерацияларын уюштуруп, чет жерге таанытууга салым кошкон.

Алыш күрөшү боюнча Азия жана дүйнө чемпионаттары Иранда, Түркия жана башка өлкөлөрдө өткөрүлүп, спорт адистеринин көңүлүн бурган эле. Баяман баштаган демилгени анын жесири Чолпон Эркинбаева колго алып, “Алышты” дүйнөгө таанытуу, жайылтуу аракетин көрүп келатат. Ушул сыяктуу бел кур менен күрөшүп келген дүйнө элдерин бириктирген эл аралык бел кур күрөш федерациясынын түзүлгөнүнө 7 жыл болуп, жыл өткөн сайын таасири артып, кулачы кеңири жайылып баратат. Бул демилгени башкырлык ишкерлер колдоого алып, бардык улуттардын бел кур менен күрөштөрүн жана улуттук күрөштөрүн бириктирип, ээлик кылып алышты.

Бизде деле кыргыз күрөшүн же лейлек, алыш күрөштөрүн колдоого алган мекенчил ишкерлер болгондо күрөш менен чоңойгон жигиттердин багы ачылып, кыргыз күрөшү дүйнөгө таанылмак болчу.
Ал эми башкырлар ээлик кылып башында турган бел кур менен күрөшү эки ыкмада: классикалык жана эркин ыкмада өткөрүлүп жүрөт. Айырмасы классикалык ыкмада бут менен чалууга болбойт. Эркин ыкмасында бут менен чалып жыгууга да уруксат берилген. Экөөндө тең балбандардын таймашуусунда далысы килемге таза тийгени эсепке алынат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG