Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:32

Еврошаркет Сербия менен соода келишимине мүмкүн болушунча тезирээк кол коюууга тийиш


Европа биримдигин кеңейтүү боюнча комиссар Оли Рен Еврошаркет Сербия менен соода келишимине мүмкүн болушунча тезирээк кол коюууга тийиш деп билдирди. Ошол эле маалда ар бир мүчө мамлекет документти Белград БУУнун согуш трибуналы менен толук кызматташып жатат деген кезде ратификациялай алат. Бүгүн Брюсселде биримдиктин тышкы иштер министрлери жыйын өткөрүп жатышат. Алар Сербия менен Стабилдүүлүк жана кызматташтык пактына кол коюш керекпи деген маселени карашмакчы. Нидерланды Белград согуш кылмыштары үчүн шектелген адамдарды эларалык трибуналга өткөрүп бермейинче, келишимге кол койбой турганын билдирди. Комиссар Рен документке Сербиядагы президенттик шайлоонун 2-айлампасына чейин кол коюлбашы мүмкүн деди. Добуш берүү 3-февралга белгиленген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG