Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:50

29-ЯНВАРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Туркестан генерал-губернатору К. П. фон Кауфман Кокон ханы Худояр менен 1868-жылдын 29-январында тынчтык келишимге кол койгон. Орус жазалоочу отряды менен Пулатхан баштаган козголончулар ортосунда жүргөн чечүүчү кармаштан кийин орус аскерлери 1876-жылдын 29-январында Асаке кыштагына өргүүгө келген.

Туркестан генерал-губернатору К. П. фон Кауфман Кокон ханы Худояр менен 1868-жылдын 29-январында тынчтык келишимге кол койгон. Келишимге ылайык хандык империянын вассалына айланып, ички жана тышкы саясат багытынан ажыраган. Анын территориясы орус товарлары жана көпөстөрү үчүн ачылып, аларга каалаган жерге соода түйүндөрүн куруп, чет өлкөгө чыгууга мүмкүнчүлүк берилген.

Орус жазалоочу отряды менен Пулатхан баштаган козголончулар ортосунда жүргөн чечүүчү кармаш, 1876-жылдын январь айында Үчкоргон кыштагынан 84 чакырым алыстыкта орун алган Каратегин капчыгайында өтүп, козголочулар оор жеңилишке учураган. Пулатхандын 5000 чамалуу атчан аскери толук талкаланып, ал он жигити менен согуш талаасынан качып чыккан. Бир канча орус аскери жаракат алып, жазалоочу отряд 1876-жылдын 29-январында Асаке кыштагына өргүүгө келген. Ушул эле күнү орус аскер жетекчилигине Анжыян, Маргалаң, Кокон, Ош жана Өзгөндүн кадырлуу адамдары келип, империяга баш ийгендигин билдиришкен.

Акгвардиячылар козголоңунан улам 1919-жылдын бу күндөрү Пишпек шаарынын тышкы дүйнө менен болгон байланышы толук кесилди. Түркстан крайындагы Совет бийлигинин мурдагы комиссары Осипов, акгвардия тарапка ооп Ташкент шаарын камакка алган. Ушул эле маалда акгвардиячыл Меньков Жетисуу автоунаа жолун бууп, Верный-Пишпек жолу кесилген. Ошентип Кыргызстандын Ташкент жана Верный шаарлары менен байланышы бузулуп, маалымат алуу каражаты токтогон.

Ош уездинин Төөмоюн жергесинен радий кенинин чыккандыгы туурасында маалымат 1924-жылдын бу күндөрү коомчулукка маалым болду. Радий кенинин жалпы запасы 100-200 миң пуд чамалуу деп эсептелип, аны өндүрүш жолуна кою багыты белгиленген.

Бу күнү 1860-жылы атактуу жазуучу Антон Павлович Чехов, 1866-жылы француз жазуучусу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Ромен Роллан, 1874-жылы финансист Джон Рокфеллер, жарык дүйнөгө келген.

XS
SM
MD
LG