Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:52

ПАКИСТАНДЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЕВРОПАГА КЕЛАТАТ


Первез Мушараф эртең төрт өлкө боюнча сапарын баштап жатат. Ал Британия, Франция, Белгияда болуп, кийин Швецарияда Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумга катышмакчы. Бир жумалык сапарында ал Батыштын өзүнө болгон ишенимин калыбына келтирүүгө аракет кылат деп күтүлүүдө. Бирок Пакиcтандын экс-премьер-министри Беназир Бхуттонун жана башка жүздөгөн адамдардын өлүмүнө байланыштуу терроризм менен күрөштүн жүрүшү жана демократияны калыбына келтирүү аракеттери жаатында Мушарафтан көптөгөн татаал суроолор суралаары шексиз.

Пакистанда кырдаал курчуган сайын бул өлкөнүн 50 ядролук ракетасы тууралуу тынчсыздануу да күч алууда.

Пакистандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Мушараф эртең-бүрсүгүнү Брюсселде Европа Союзунун жетекчилери менен жолугушат. Дүйшөмбүдө Парижге келип, президент Николя Саркози жана бизнес өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзөт. Пакистандын президенти андан соң Давоско барып, 23-25-январь күндөрү Дүйнөлүк Экономикалык форумда АКШнын Мамкатчысы Кондолиза Райс, Ооганстандын президенти Хамид Карзай жана Ирактын өкмөт башчысы Нури ал-Малики менен сүйлөшүү жүргүзөт.

Мушараф Британияга 26-январда келип, өкмөт башчысы Гордон Браун жана ишкер лидерлери менен көздөшөт.

Белгилүү болгондой, Беназир Бхуттонун 27-декабрдагы өлүмүн иликтөөгө Британия өз тергөөчүлөрүн жиберген. Азырынча бул кылмыштын айланасындагы талаштуу жагдайлар тактала элек. Бхутто Раванпиндидеги демонстрацияга катышып жатканда белгисиз бирөөлөр аны атып, анан жанында бомба жардырышкан. Пакистандын өкмөтү бул өлтүрүү үчүн ал-Каида менен алакасы бар кор башы Байтулла Мехсудду айыптаган.

Кошмо Штаттары да ушул эле көз карашта. Бирок Мехсуд бул айыптоону четке каккан. Ушул шаршембиде Пакистан өкмөтү Мехсудга тийешелүү күчтөр Ооганстан менен чек арага жакын жерде аскер турагын тартып алгандыгын маалымдады. Кийин пакистан армиясы ушул эле аймактагы эки бөлөк салгылашта ондогон согушкерлерди өлтүрүп, кыркын камакка алгандыгын билдирди.

Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG