Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:18

Кечээ өкмөт тарабынан даярдалган “Пайдалуу кендер тууралуу” мыйзам долбоору чет эл инвесторлору, көз карандысыз эксперттер, мамлекеттик бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда талкууланды. Анда жаңы мыйзам долбоорунда коррупцияга бөгөт коюу, иштетилчү кендердин экологиялык салакасын азайтуу сындуу биртоп проблемалар так чагылдырылбай калганы белгиленди.

Кыргызстан экономикасынын бүгүнкүсү менен эртеңкисин көтөрө турган тоокен тармагындагы өкмөт менен ишкерлер ортосундагы укуктук мамилени аныктоочу жаңы мыйзам долбоору эларалык ишкерлер кеңеши тарабынан үчүнчү ирет талкууланып отурат. Эларалык ишкерлер кеңешинин төрагасы Азамат Мурзалиевдин ырасташынча, иш-чаранын максаты жаңы мыйзамды жакшыртуунун аракети.

- Биздин эксперттер мыйзам долбоорун карап чыгышты. Аны эларалык мыйзамдарга, ошондой эле Кыргызстанда кабыл алынган башка мыйзамдарга, мисалы, Салык кодексине каршы келбейби – мына ушуларды салыштырышты.

Өткөн жылы кабыл алынган Кыргызстан Конституциясында жер байлыгы жеке менчикке берилиш ыктымалдыгы ырасталган. Парламент депутаты Иса Өмүркулов өлкөнүн стратегиялык маанидеги улуттук байлыктары мамлекет ээлигинде турганы туура деген пикирде.

- Менин пикирим каршы. Эгерде бүгүн ушул мамлекеттин кыраркасы, бюджетти түзгөн стратегиялык тармак менчиктештирилип кетсе мамлекеттен эмне калат? Мамлекетти жоготобуз да!

Жаңы мыйзам долбоорунда коррупциялык иш-аракеттерге мүмкүндүк берчү жылчыктар калганын, лицензия берүүчү мамлекеттик кызматка артыкбаш укуктар берилип калганын көз карандысыз эксперт Кубан Өмүралиев белгиледи.

- Мыйзамда так көрсөтүлгөн эмес. Кандайдыр бир протоколдук чечимдер делинип калган. Ошонун өзү эле чиновникке жол берип жатпайбы.

Жаңы мыйзам долбоорунда кен иштетүүчү компаниянын экологиялык талаптарды кандай сакташы керектиги так көрсөтүлбөй калганын биология илим доктору, экологиялык эксперт Эмил Шүкүров да бышыктады.

- Адатта тоокен ээлечү аймак менен эле чектелишет. Ал жер болсо геологиялык иликтөө-изилдөө иштердин натыйжасында өзгөрүлүп, кен чыкчу жердин кейпи кетип калат. Кен казылып алына баштаганда тоокенчилер мурда булганган аймакты дагы бузуп, шылтоону мурдагы иштерге шылтап чыга беришет.

“Евразия минералдары” компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү Фред Хюстон тоокенчилер менен лицензия берүүчү мамлекеттик кызматтын ортосунда ачык оюн эрежеси, так мыйзамдык негизге таянылган шарт болушу керек деп эсептейт.

- Биз чалгындоо иштерине лицензия алышыбыз керек. Кен табылгандан кийин лицензияны үчүнчү тарапка бере турган болушубуз керек. Себеп дегенде, биздин ишкана чалгындалган кенди казуу иштерин жүргүзбөйт. Аны аткарчулар башка.

Кыргызстанда кен иштетүүгө бир жарым миңден ашуун лицензия берилгенин, баш-аягы 300 сомго келчү уруксат кагазды эрикпегендин баары эле алып жатышканын, лицензиялоо жагынан абыдан либерал өлкө экенибизди Кыргызгеология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Капар Курманалиев айтты.

- Лицензиялардын талдоосу көрсөткөндөй, берилген бир жарым миңдей лицензиянын 90% ашууну иштебейт. Мындай абалга оголе ачык либерал мыйзам негиз берүүдө. Көчөдөн эле бирөө келип бланк толтурат. Анын күрөгү да жок. Бирок биз ага лицензия берүүгө милдеттүүбүз.

Кыйладан бери аягына чыга албай келаткан жаңы мыйзам долбоору жаңыланган Конституциянын негизинде дагы өзгөртүлүп, аны өкмөт ушул жылы кабыл алынчу экономикалык топ мыйзамдын катарында парламентке сунуштаганы турат. Жыл аягына чейин Тоокен кодекси да парламент сынынан өтмөкчү.
XS
SM
MD
LG