Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:00

Байкоочулардын баары орустардын эмки президенти ким болору эмитен эле дайын дешет. Буга карабастан мамлекет башчысынын мандатына дамаа кылгандар катарына дагы бир талапкер – демократиялык партиянын лидери Андрей Богданов кошулду. Борбордук шайлоо комиссиясы ага өткөн жекшемби күнү ырасмий күбөлүк тапшырды.

Россияда президенттик мандат үчүн кимдер күрөшкө түшөрү аныкталып бүттү. Владимир Путин өзүнүн ордуна саясий мураскер кылып биринчи вице-премьер Дмитрий Медведевди тандап алды. Аны менен үч талапкер – коммунисттердин жетекчиси Геннадий Зюганов, ашынган улутчулдардан Владимир Жириновский жана демократиялык партиянын лидери Андрей Богданов эгешкени жатышат.

Байкоочулардын көпчүлүгү марттагы шайлоодо баш байге “мураскерге” тиеринен күмөн санашпаса да Зюганов менен Жириновский аны “жалгыз чапкан ат күлүк кылбастан” кара күчкө атаандаш болуп берүүнү чечти дешет. Ал эми эч кимге белгисиз, узун журттун учуна аты угула элек Андрей Богдановго бу оюнда эмне бар эле? Деги ал өзү жерден чыккан жик окшоп капыл-тапыл кайдан пайда боло калды? Эмнеге үмүттөнүп, эмнени, тагыраагы кимди эш туткан жатат?

Андрей Богданов 38 жашта. Ал Россиянын Евросоюзга кошулушун колдойт. Бу маселени атүгүл эмдиги жылы элдик референдумга койгусу келет. Өткөн парламенттик шайлоодо анын демократиялык партиясы бар болгону 90 миң – 0.13 процент гана добуш алган. Бирок ал мартта шайлоочулардын бери эле дегенде 25 процентин өз тарабына тартып алганга белсенип жатат. “Азыркы кырдаалга карап көрсөм, демократтардан жалгыз мен талапкер болот экем,- деп айтты Богданов. - Думанын шайлоосундагыдай болуп бу жолу демократтар бөлүнүп-жарылбай, баары биригет деп ойлойм. Биз такай демократтарга добуш берип жүргөн шайлоочуларга таянмакчыбыз, баары жакшы болоруна ишенем”.

Өз ишенимин бекемдөө иретинде ал кыска мөөнөт ичинде демократиялык партия бүткүл өлкө боюнча эки миллиондон ашуун кол топтогонго жетишкенин, бу шайлоого алар дээрлик 20 жылдан бери камынып келгенин эске салып өттү.

Деген менен россиялык саясий байкоочулар Богдановду башкача мүнөздөшөт. Америкалык Heritage (Мурас) фондусунун Москвадагы бөлүмүнүн эксперти Евгений Волк бул кандидатура толугу менен Кремлге көз каранды, аны марттагы шайлоого демократиялык түр берүү үчүн атайылап чыгарышты деп эсептейт.

Россиялык гезиттер Богданов көптөн бери эле “Бирдиктүү Россия” партиясына кирбесе да анын активдүү “ат кошчусу” болуп келгенин, Кремлдин “суверендүү демократия” идеологиясын ийги санап жүргөнүн, Путиндин атына коомчулук көзүнчө дегеле бир кылайган сын пикир айтып көрбөгөнүн жазып чыгышты. Кала берсе былтыр күз башында Богдановдун демпартиясы Кремл администрациясына караштуу эс алуу жайларынын биринде өз курултайын өткөргөнүн да эске салышты.

“Тилекке каршы, Россиядагы жагдай азыр ушундай, - дейт Волк, - эч ким ишенбесе да өлкөдө демократия бар дегендей кыяп-кыяз түзгүсү келишет. Ошондуктан кокус эл аралык кайсы бир уюм сын айтып калчу болсо, ага каяша кылып: “Мына,бизде Богданов деген бар, демократиялык партиянын лидери, андан тышкары оңчулдар, коммунисттер, улутчулдар шайлоого катышты, кайдан жүрүп анан Россияда демократия жок боло калат?!” – деп айтуу үчүн атайын жасалма аргумент жасалды”.
XS
SM
MD
LG