Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:36

10:45 Укук коргоочулар адилет министри менен жолугушту


“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулованын “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча жолугушууда министрликтин Ысыккөл облустук башкармалыгынын башчысы Болотбек Сопуевге байланыштуу жана Бишкек шаардык кеңешинин тынч, эркин чогулуу, митинг-пикеттерди өткөүүгө тыюу салган токтомун жокко чыгаруу боюнча маселелер каралды. Адилет министри Марат Кайыпов Болотбек Сопуeвди кызматтан албагандыгын билдирген. Ал эми экинчи маселе боюнча эки тарап мунасага келип, тынч чогулуу, пикет-митинг өткөрүү боюнча мыйзамды өзгөртүү, адам укуктарына да, Башмыйзамга да каршы келбеген жаңы мыйзам кабыл алынышы керек, деп чечишкен. Азиза Абдурасулованын айтуусунда бул мыйзам долбоорунун үстүндө адилет министри бейөкмөт уюмдар менен чогуу иштешүүгө макул болгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG