Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:10

ПАКИСТАНДА ШАРИЯТ СОТТОРУ КҮЧ АЛАТ. КЫРГЫЗСТАНДАЧЫ?


Пакистанда укук коргоочулар исламдык шарият сотторун түзүп, аларды бекемдөөнү караган мыйзам долбооруна тынчсыздануу билдиришүүдө. Алар муну радикал согушкерлерге жагалдануу деп баалап жатышат.

Кыргызстанда Аскар Акевдин тушунда, салтка таяп, аксакалдар соту киргизилген эле. Бирок аксакалдардын буйругу менен балдар таш бараңга алып өлтүрүлгөндөн уламбы, бул система колдоого ээ болгон эмес. Арийне, убакыт өткөн сайын өлкөдө, аксакалдар сотуна, ал тургай, динге негизделген казылардын шарият сотуна колдоо кайра жанданганын байкоого болот. Бишкекте студенттер менен жолугушуулардын биринде бул тууралуу президенттин адам укуктары боюнча баш өкүлү жана белгилүү укук коргоочу Турсунбек Акун мындай деген эле:

- Казылар, болуштар азыр казы-болуш деп аталбаган менен, ар бир айылда кара кылды как жарган аксакалдар бар. Айылда болгон чыр-чатакты ошолор эле чечип коет. (Жабырлануучулар) сотко барбайт.

Турсунбек Акун Мекеге барып келген ажы жана ислам динин карманган динзар да экени маалым.

Шарият соту болгон өлкөлөрдө карапайым адамдар көп чатак иштер элдешүү жолу менен жөнгө салынганын жактырышат. Тескерисинче, азыркы секулярдык соттордун коррупциялашканы жана сот чыгымдарынын кымбаттыгы көпчүлүктү иренжи кылат.

Деген менен, Кыргызстандын башкы укук коргоочусу аксакалдар соту болобу, шарият соту болобу, азыркы заманбап же секулярдык сот системасынан аларды жогору коюуга каршы:

- Альтернативалык сот болсун деген жокмун. Акаевдин убагында аксакалдар сотун киргизген. Бакайырда, Гүлчөдө, эки жерде таш-бараң болуп кетти. Мен таш бараңга каршымын, ошондой эле болуштардын, казылардын чечими жыйынтыктоочу чечим болушу керек эмес. (Секулярдык) соттун чечимин алмаштырууга болбойт.

Пакистанда аксакалдар кеңеши да, шарият соту да буга чейин эле болгон. Азыр эми бул соттун макамын көтөрүп, укуктарын кеңейтүүнү караган мыйзам долбоору сунушталууда. Өлкөнүн Ооганстан менен чектеш Түндүк-Батыш Чек ара провинциясынын бийликтери Сват жана ага коңшулаш Дир, Читрал, Кохистан оодандарында катаң исламдык сот системасын киргизүүнү сунуш этишүүдө.

Бирок бул план укук коргоочуларды катуу нааразы кылды. Алар бул планды "Пакистанда талибдер үстөмдүк кылган мамлекетке жол ачуучу, согушкерлерди күч алдыруучу жана ансыз да Пакистан армиясы менен кагылышуулар көп болгон аймакты ого бетер радикалдаштыруучу кадам" деп мүнөздөштү.

Эгер бул ишке ашса, шарият соттору шариятты өздөрү туура көргөндөй колдонууга укуктуу болушат.

Карачиде жайгашкан Пакистандын адам укуктары комиссиясынын баш катчысы Икбал Хайдари Азаттыкка шарият сотуна каршылыгын мындайча негиздеди:

- Бул Сват, Дир, Читралдагы экстремист, согушкерлерге жагалдануу аракети. Киши өлтүргүч диний фанатиктерге кошоматтануу террористтердин таасиринин жана ишмердүүлүгүнүн күч алышына гана алып келет.

Аталган оодандарда динчил күчтөр шайлоо жолу менен бийликке келишкен. Алар сакал алат деп чачтарачтарга, Куранда музыкага уруксат жок деп, касета, компакт диск саткан музыкалык дүкөндөргө тыюу салышкан. Аймактык бийликтер азыр шарият сотун арзан жана тез бүтөт деп эл талап кылып жаткандыгын айтууда. Алар ошондой эле шарият соттору киргизилсе, радикалдардын көңүлү жайланып, аймактагы армия менен тиреш азаят деп ырастоодо.

Бирок Пакистандын адам укуктары комиссиясынын Пешавардагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Камаран Ариф бул пландар тууралуу жергиликтүү атуулдук коом менен эч ким кеңешпегенин мындайча сынга алды:

– Сват бир топ өнүккөн дубан. Мында билимдүү адамдар көп. Бардык саясий партиялар бул жакта иш алып барат. Эгер мындай чоң өзгөрүү боло турган болсо, алар эл менен кеңешиши керек. Мындай нерсе элдин макулдугу менен болушу керек.

Пакистандын конституциясы боюнча парламент гана мыйзамдардын исламга шайкеш келээрин аныктай алат. Бирок Камаран Арифтин айтымында, азыркы сунуш боюнча бул укук шарият сотторуна берилмекчи. Ариф ошондой эле шарият сотторунун өкүмүн Пакистандын жогорку секулярдык сотторуна аппеляцияга берүүгө болбой тургандыгын, демек пакистандыктар өздөрүнүн түп-негиз укуктарынан айрылып калаарын эскертти.

Исламчылардын кысымы менен, Пакистан өкмөтү исламдык шарият сотторун түзүүгө макул болгон, бирок бул соттор дубандык жана федералдык жогорку соттордун көзөмөлүндө болушчу. Азыр сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдө бул көзөмөлдү алып салуу каралган.

Жаңыл Жусубжан, Прага
XS
SM
MD
LG