Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:44

12:04 Кыргызстандык укук коргоочулар өлкөдөгү массалык камоолор боюнча БУУга кайрылуу жиберишти


“Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова “Азаттыкка” билдиргенине караганда, укук коргоочулар өткөн түнү Бириккен Улуттар уюмуна жана башка институттарга кайрылуу жиберишти. Алар себепсиз камоолор, кыйноолор жана башка орой мамилелер тууралуу Улуттар уюмунун эки докладчысын өлкөгө чакырып, бул жерде маселе боюнча кыргыз жетекчилиги менен иштешүү зарылдыгын айтышууда. Кайрылууда милиция органы эл аралык уюмдардан берилип жаткан каржылык жардамды туура иштетпей, бул каражаттар көбүнчө адам укугун коргоого эмес, тескерисинче аны бузууга багыттап жаткандыгы көрсөтүлгөн. Т.Исмаилова соңку айларда Кыргызстанда жарандарды себепсиз камап, паспорттук текшерүүлөргө шилтеп, орой мамиле жасаган фактылар көбөйгөнүн билдирди. (TD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG