Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:08

12:18 Ош эларалык аэропортунан чет-өлкөлөргө учкандардын белети 10 АКШ долларына кымбаттайт


“Манас” эларалык аэропортунун маалымат-кызматынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, кыргыз өкмөтүнүн токтомуна ылайык, быйылкы жылдан тарта Ош эларалык аэропортунан чет-өлкөлөргө учкан жүргүнчүлөрдөн 10 АКШ доллары өлчөмүндө салык алына баштады. Буга чейин мындай салык “Манас” аэропортунда болгон жана азырга чейин күчүндө калууда. Топтолгон каражат Ош эларалык аэропортун реконструкциялоого жумшалат деп түшундүрүп жатышат. “Манастын” маалымат-катчысы Толгонай Стамалиеванын кабарына караганда, 10 долларлык салык Кыргызстандагы ички каттамдарга учкан жүргүнчүлөрдөн алынбайт. “Ал эларалык каттамдардагы жүргүнчүлөрдүн гана белеттеринин акысына кошулат”, - деп айтты Т.Стамалиева. (TD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG