Бул тууралуу Улуттар уюмундагы дипломаттар билдиришти. Кечээ кеңештин 15 мүчөсү резолюция долбоорун талкуулашты. Документ АКШ, Россия, Франция, Британия, Кытай жана Германия тарабынан иштелип чыккан. Кытайдын өкүлү Лю Женминдин айтымында, добуш берүүгө даярдыктар бир нече жумага созулуп кетиши ыктымал.Тегеран эларлык коомчулуктун талабына көнбөй, уран байытуу процессин токтотуудан баш тартып келатат.