Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:22

АКШ президенти Жорж Буш конгресстин кошмо жыйынында соңку кайрылуусун жасады


Ноябрда анын бийликтеги мөөнөтү соңуна чыгууда. Президент америкалыктарды Ирактагы согушка сабырдуулук менен мамиле кылууга чакырды.
Ал-Кайиданын Ирактагы согушкерлери чегинип жатканын айткан Буш алдыда дагы оор салгылашуулар күтүүдө деп белгиледи.
АКШ аскерлери жергиликтүү армия менен кызматташууга көбүрөөк көңүл бурууда, - деди президент. Иран тууралуу болсо америкалык лидер АКШ Перси булуңундагы кызыкчылыктарын жана шеркиктерин коргойт деп эскертти. Тегеран өкмөтүнө кайрылып, Буш уран байытуу иштерин токтотууга үндөдү. Президент ошондой эле Ооганстандагы талип согушкерлерине каршы күрөшүү жана жергиликтүү армияны машыктыруу үчүн өлкөгө кошумча 3 миң америкалык жоокер жиберилерин бышыктады.

XS
SM
MD
LG