Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:36

Кыргызстандын жаңы парламенти 1916-жылы болгон үркүндө көз жумгандарды ар жылы эскерип туруу демилгесин көтөрдү. Ага негиз берчү мыйзам долбоору тиешелүү комитетте жактырылып, эми парламенттин жалпы талкуусуна сунушталган жатат. Бирок, айрым тарыхчылар аны кайра козгоонун зарылдыгы жок деген пикирде.

Жогорку Кеңеш депутаттары Орусиянын баскынчылык саясатына каршы кыргыздардын 1916-жылкы көтөрүлүшүндө көз жумган адамдарды ар жылы август айынын алгачкы жума күнү эскерүүнү жана аларга арналып Боом капчыгайынын кире беришине тургузулган эстеликтин айланасын маданий-этнографиялык борборго айландырууну сунушташууда.

Демилге көтөрүп жаткан депутат Бейшенбек Абдырасаковдун айтымында, бул азыркы жаштардын улуттук патриоттуулук сезимин жогорулатуу максатын көздөйт:

- Бул биринчиден өсүп келаткан жаштарды патриоттулук сезимде тарбиялоого керек. Муну менен 1916-жылы курман болгон ата-бабалардын арбагынын алдында өзүбүздүн атуулдук парзыбызды аткарган болобуз. Бирок, эч кандай саясатка аралаштырбаш керек.

Үркүнгө тарыхый баа берүү, аны терең иликтөө демилгесин туу туткан атуулдар 1991-жылы Бишкектен Караколго чейин “Өмүр көчү” аттуу жөө жүрүш жасашкан. Андан кийин 2006-жылы Бедел ашуусуна чейин барышып, сөөгү көмүлбөй жолдо калган адамдардын сөөктөрүн жыйнап, ошол жерге көөмп, Боомдо эстелигин тургузушкан.

Бул окуяларга дайыма катышкан “Ашар” кыймылынын жетекчиси Жумагазы Садыр уулунун айтымында, карапайым эл аталган окуялар менен үркүндү эстен чыгарбоо аракети коомдо күч экендигин айгинеледи. Бирок аны мамлекеттик деңгээлде эскерүү аракетин ишке ашырууга мамлекет башчыларынын эрки жетишпей келет:

-Мамлекет башчыларынын саясий эрки керек. Буга чейин “Өмүр көчү” жүрүшү, андан кийин 90 жылдыгына карата биринчи жолу эстеликтин коюлушу менен адамдардын ички демилгеси бекемделди. Ошондой эле “Ашар” козголушу Бишкектин түштүк дарбазасынын жанынан 3 гектар жер алып, иш кагаздарын бүтүрүп койгон. Бирок эми бийлик тарабынан саясий эрк жетилип, эскерүү күнү жарыяланса жакшы болот эле. Андан кийин Боом капчыгайына караганда, Бишкектин түштүк дарбазасынын жанынан бөлүнгөн жерди курман болгондорду эскерүү борборуна айландырышса ылайыктуу болот эле. Анткени, Бишкектин колтугунда турган жерге адамдар барып, таазим кылып турушат эле. Аны менен ал жердин макамы артат эле,- дейт Жумагазы Садыр уулу.

Ал эми Улуттук илимдер академиясынын Тарых институтунун директору, тарых илимдеринин доктору Жеңишбек Жунушалиев үркүн жетиштүү изилденбей, курман болгондор татыктуу эскерилбей келет деген пикирге макул эмес:

-Азыр популисттер аябай көбөйүп кетпедиби, ошолор чыгарып, демилге көтөрүп жатышат. 1916-жылдан кийин аны улуттук-боштондук көтөрүлүш жана башкача кыймыл деп атап жүрүштү эле. Буга биринчи жолу мурдагы жылы 90 жылдыгы белгиленгенде “1916-жылдагы каргашалуу окуялардын 90 жылдыгы” деп туура ат берилди. Чын-чынына келгенде трагедия же каргаша кыргыздар үчүн да, келгиндер үчүн да болгон. Менин оюмча, белгилей турган болсок тигилердин да, кыргыздардын да курмандыктарын белгилеш керек. Азыр Кыргызстан зорго турганда жыл сайын эле ушул маселени кайра-кайра чукулай бериштин кажети жок. Анткени, Кыргызстандын ичинде ансыз деле саясий туруктуулук жок.

Илимпоз Жеңишбек Жунушалиевдин баамында, азыр айрым саясатчылардын башкы кемчилиги иши менен сөзүнүн эки ачакейлигинде. Ошон үчүн саясатчылардын иши менен сөзү дал келбеген учурлар көп:

- Аны менен улуттар арасында карама-каршылыкты күчөтө бериштин кереги жок. Көпчүлүк саясатчылар өзүлөрүн демократпыз деп айтышат, бирок иш жүзүндө ашынган большевиктей пикир айтышат. Мындай сапаттан качыш керек.

Ал эми демилгени колдоорун билдирген саясат таануучу илимпоз Жолборс Жоробеков ал күнү мамлекеттик деңгээлде иш-чараларды өткөрүү зарыл дейт:

-Мен колдойм. Бирок ошол күндү кызыл боек менен белгилебей эле курман болгондорду эскерүү күнү деп мамлекеттик деңгээлде Куран окутуп белгилеп коюу туура .
XS
SM
MD
LG