Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:44

30-ЯНВАРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


«Туркестанская правда» гезитинин 1924-жылдын 30-январдагы санында кыргыздардын «Манас Баатыр туурасындагы уламышын» жарыялоо керектиги белгиленет. Кыргызстан калктарынын кезектеги IV курултайы 2004-жылдын 30-январында өттү.

Россия империясынын башкы прокурору, князь А. А. Вяземский 1786-жылдын 30-январында Сибирь драгун полкунун адъютанты Сипайловго Атаке Баатырдын элчилерине кандай мамиле жасалыш керектиги туурасында көрсөтмө берген. Башкы прокурор Атаке Баатырдын элчисинин денсоолугу чабалдыгын эскерткен. Эгер элчи белгиленген маалда денсоолук айынан жолго чыга албаса, анда ал оңолгончо күтүп, ар кандай чыгым үчүн бөлүнгөн акчаны колдонуу керектиги белгиленет.

Кокон хандыгына каршы көтөрүлгөн кыргыздар менен кыпчактардын колу 1876-жылдын январь айында хандыкка каршы айыгышкан күрөш жүргүзүп атты. Абдылдабек баштаган козголоңчулар январь айынын соңунда Насреддинбекке соку урушуп, Кайнар алдындагы кармашта кыргыздар менен кыпчактар оор жеңилүүгө дуушар болушту. Согуш талаасына 200 чамалуу адамды калтырган козголоңчулар Махрага качкан. Ошентип, Коконго жол ачылып, хандын тарапташтары Насреддинден такты ээлешин өтүнүп, элчилик жиберген. Насреддин өкүлчүлүктү кабыл алып, 1876-жылдын 30-январында салтанат менен Коконго келип такка отурган.

«Туркестанская правда» гезитинин 1924-жылдын 30-январдагы санында Түркстан Республикасынын Элдик комиссарлар Советинин токтому жарыяланды. Токтомдо кара кыргыздардын «Манас Баатыр туурасындагы уламыштарын» жарыялоо керектиги белгиленет. «Туркестанская правда» гезити-Манас Баатыр биз үчүн али белгисиз каарман, анткен менен кыргыздар Манас мындан 900 жыл чамалуу илгери жашаган деп эсептешет,-деп жазган.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийинки саясий тирешүү 1993-жылдын соңунда туу чокусуна жетти. Президенттин сунушу менен өкмөт башына келген Апас Жумагуловдун ишмердиги мамлекеттик маалымдоо каражаттарында кескин сынга алынып, премьер-министр коңулга киргендей саясий активдүлүгүн азайтты. Президент Аскар Акаев абалын андан да чыңдаш максатында, 1994-жылдын 30-январында референдум өткөрдү. Референдумга «1991-жылдын 12-октябрында жалпы эл тарабынан шайланган кыргыз Республикасынын президентинин ыйгарым укугун аныктайсызбы», деген суроо коюлуп, шайлоочулардын басымдуу көпчүлүгү ага оң жооп беришти.

Америка Кошмо Штаттар элчилиги 2003-жылдын 30-январында Кыргызстандагы конституциялык реформага тынчсызданган билдирүү таратты. Билдирүү АКШ мамлекеттик департаментинде даярдалып, Кошмо Штаттар Кыргызстан президентинен адам укугун коргоп, бийлик бутактары ортосундагы тең салмактуулукту сакташын өтүнгөн. Конституциясынын жаңы редакциясына Конституциялык Кеңешменин көптөгөн сунуштары көңүлгө алынбай, тескерисинче эларалык нормаларга шайкеш келбеген жоболордун киргизилиши менен президенттик бийлик күч алып, ал граждандык коомду алсырата тургандыгы эскертилет.

Кыргызстан калктарынын кезектеги IV курултайы 2004-жылдын 30-январында өттү. Курултайда «2004-жыл мобилизациялоо жана акыйкат башкаруу жылы» деген ураан кабыл алынып, президент Аскар Акаев Кыргызстан калктар ассамблеясын «Данакер» ордени менен сыйлады.

Кыргыз коомчулугу жана маданияты 1989-жылдын 30-январында оор жоготууга учурады. Бу күнү алп акын Турар Кожомбердиевдин жүрөгү согуудан калды. Акын жараткан «Көлчүктөгү ай», «Кызыл алма», «Таңкы симфония» ырлар жыйнагы кыргыз адабиятынын алтын барагына айланган.

Бу күнү, 1649-жылы англис королу Карл I чыгарылган өлүм жазасы аткарылып, 1948-жылы Махатма Ганди өлтүрүлүп, 1951-жылы Сан-Ремодогу италиялык ырдын I фестивалы ачылып, 1882-жылы АКШнын төрт жолку президенти Франклин Делано Рузвельт, 1900-жылы композитор Исаак Дунаевский, 1923-жылы айтылуу кинорежиссер Леонид Гайдай, 1927-жылы швед саясий ишмери, 1986-жылы террорчунун колунан каза тапкан Улоф Пальме, 1937-жылы шахмат боюнча онунчу дүйнө чемпиону Борис Спасский, 1940-жылы акын Усман Таштемиров жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG