Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:10

ОШТО ЫМЫРКАЙ САТУУГА АРАКЕТ КЫЛГАНДАР КАМАЛДЫ


Ош шаардык соту ымыркайды сатууга аракеттенген облустук төрөт үйүнүн үч кызматкерин абакка алууга санкция берди. Шектелингендер өмүрү бала көрбөгөн бирөөгө бакыт тартуулайлы деген ниетте жасаганбыз деп актанышса, кесиптештери окуя мекемеде болбогондугун белгилешүүдө. Ал эми укук коргоо органдары адам сатуу оор кылмыш экендигин, учурда толук кандуу тергөө башталгандыгын маалымдашты.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Кемербек Бердибаевдин айтымында, 26-январда ишеничтүү булактан маалымат түшкөн. Ошол себептүү дароо оперативдүү топ түзүлүп, ымыркай сатылып жаткан жеринде шектүүлөр кармалган. Алар Ош облустук төрөт үйүндө эмгектенишет экен. Адегенде дарыгер Тааалай наристени 8000 сомго баалап, акушер Орунпашага «тартуулаган», ал 18000 сомго санитар Мадинага ыроологон, акыркысы 20000 сомго дейре бааны жогорулаткан.


- 26-январь күнү маалымат келип түшкөн, Ош облустук төрөт үйүнүн кызматкерлери тарабынан ымыркай наристени сатууга аракет жасалып жатат деп. Бул факты боюнча ошол эле күнү тергөө оперативдик топ түзүлгөн, санитардык кызматкер болуп иштеген Мадина аттуу аял 20 миң сомго сатып өткөрүү аракет жасап жаткан жеринде кармалган. Төрөт үйүндө дарыгер болуп иштеген дагы бир атуул, андан сырткары акушерка болуп иштеген дагы бир атуул кармалган. Сот тарабынан санкция берилип камакка алынган, - дейт Кемербек Бердибаев.

Шектелгендердин бири - санитар Мадина «Эч кандай деле арам оюм жок эле. Туяксыз бирөө балалуу болуп калсын деген ниетте жасагам. Соопкерчилик кылып атам деп ойлодум эле",- деп безилдеди.

Ал эми Ош облустук төрөт үйүнүн башкы дарыгери Гүлбара Кенжебаева Таалай аттуу дарыгер ушул тапта отпускеде экендигин, окуя ошонун үйүндө болгондугун, бул туурасында кечээ гана уккандыгын баса белгилеп, учурда ымыркайдын кимдигин, чыныгы ата-энесин териштирүү жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди.


- Бул төрөт үйүнөн сырткары көчөдө болуп аткан иш. Таалай аттуу дарыгер үйүнөн алып чыгып баланы берген учурда кармалган факт болуп атат. Бирок бизде толук маалымат жок, кайсы төрөт үйүндө төрөлгөн, бул бала кимдин баласы экени азырынча белгисиз, - деди Гүлбара Кенжебаева.

Адистердин айтуусуна караганда, бул бала сатуу боюнча биринчи окуя эмес. Мурнукусу былтыр Бишкекте болуп, бирок иликтөө аягына чыкпастан калып кеткен. Бул жолу деле ошондой болот деген кооптонуу бар.
XS
SM
MD
LG