Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:21

Тоолуктар жердин кайсы жеринде болсо да оңой тил табышат. Буга ушул күндөрү АКШнын тоолуу штаттарында гастролдо жүргөн көлдүк "Кут" тобунун шайырлары өздөрү күбө болушууда. Ата-энеси, үч өспүрүм уулу кирген, Бөкөнбаев айлынан чыккан бул топ АКШнын түпкүлүктүү эли болгон индеецтер менен да табышып, "жер каймактаган замандарда үзүлүп калган байланыштарды канткенде калыбына келтиребиз?" деп баарлашып жатышат.Көлдүк "Кут" тобунун Америкадагы сапары тууралуу Юта штатынын Валлей университетинин профессору Бакыт Абдрисаев кабарчыбызга айтып берди.

2000-жылы түзүлгөндөн бери бир катар републикалык кароолордо сыйлуу орундарды алып, Кыргызстанда жакшы эле таанымал болуп калган "Кут" тобун Бөкөнбаев айлынын тургуну, музыка мектебинин жетектчиси Серкебаев жубайы жана үч уулу менен негиздеген.

Бакыт Абдрисаев убагында Кыргызстандын Вашингтондогу элчиси болуп иштеген. Ал учурда Юта штатынын Валлей университетинде саясат таануу боюнча сабак берет.

- Бул топ Монтано, Вайомиң, Юта штаттарын кыдырып чыгышты. Ютада кечээ бир концерт болду. Эми алар Невада штатынын Элко шаарында кобвойлордун поэзия курултайында кыргыз элдик музыкалык чыгармачылынын үлгүлөрүн көрсөтүшөт,-деди Бакыт Абдрисаев.

"Кут" тобун АКШга өкмөттүк эмес "Виста-360 градус" уюму чакырды. Бул уюм бүт дүйнөдөгү тоолуу аймактарды алакалаштырууну максат кылат. Уюмдун президенти, бир нече жылдан бери Кыргызстан менен тыгыз кызматташтыкты өөрчүтүүгө чоң салым кошуп келаткан
Кандра Дейдин пикиринде, маданий карым-катнаш тоолук элдердин башка чөйрөлөрдөгү кызматташтыгынын түп-негизи болуп бере алат.

"Аскалуу тоо гастролу" деп аталган "Кут" тобунун сапары төрт штат аркылуу өтөт. Вайомиң университетинин Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн координатору Марына Сторрстун билдиришинче, концерттердин мезгилинде кыргыз уздарынын кол эмгектеринин көрсөтмөлөрү да өтүп, "Кут" тобу ошондой эле компакт диск жаздырып жатат. Сторрс алатоолук шайырларды аскалуу тоолордун тургундары өтө жылуу кабыл алып жатышканын мындайча бышыктады:

- Буга чейинки Юта штатындагы концерттер өтө жакшы өттү. Музыканттар, башка көрармандар аябай көп келди. Валей университетиндеги музыканы изилдеген студенттер кыргыз шайырлары менен таанышып, музыканын ушунчалык байыркы жана кайталангыс түрүн үйрөнүп-билүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Кийин 250дөй орто мектептин окуучулары менен жолугуушуу болду. Жума күнү коомдук китепканада болушту. Мында да көп көрөрман келди. Бул шайырлар барган жердин баардыгында аларды сахнадан кетирбей, кол чаап жатышат.

Жаңыл Жусубжан, Прага
XS
SM
MD
LG