Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:10

ӨЛӨСӨ ЭКОНОМИКА - ӨЙДӨЛӨӨНҮН БЕЛГИСИБИ?


Соңку кездери дүйнөлүк жаңылыктардын баш темасын жалаң “рецессия” деген сөз ээлеп калды. Коомдук пикирди мынчалык аламандата козуткудай бул көрүнүш ушунчалык эле кесирдүү ишпи? Айрым адистер өндүрүштүн төмөндөп,өлөсөлүү абалга жеткенин экономикалык оору дешет, ошол эле учурда анын салакасы менен бирге шарапаты да болорун белгилешет.

“Рецессия” деп адатта ички дүң өндүрүштүн кенедей да өнүм бербей калган абалын же анын төмөндөө процесси бир нече айга созулуп кеткен учурун аташат. Анын айынан биржаларда индекстердин көрсөткүчтөрү көчкү жүргөндөй күү этип кулап түшөт, жумушчу орундар кыскарат жана кымбатчылык күч алат.

Бирок Лондондогу экономика мектебинин эксперти Виллем Бютер мындай кризистер дамамат пайдалуу болгон деп эсептейт. Анткени алар экономиканы, айрыкча финансы системасын дуулдаган өнүгүү маалында жыйналган ыпыр-сыпырдан тазалап алганга жол ачат. Эң жакшысы – бу процессти тез аяктоо зарыл, ошондо анын көпчүлүккө анчейин салакасы тийбейт. Андан соң экономика оорусунан тыңып, бакубат нукка түшөт.

Лондондук эксперт соңку жылдары америкалыктарга арзан үстөк менен берилген насыялар эпсиз ири суммадагы карыздардын пайда болушуна жана экономикадагы эң чоң проблеманын – ипотекадагы чайкоочулуктун күч алышына алып келди дейт. Азыр ошол “желкөбүктөр” жарылып жатат. Бул окуя эми адамдарга чоң сабак болот,аларды аярлап иш кылганга, көп үнөмдөп, аз сарптаганга аргасыз кылат. Акыры барып бу АКШнын бюджетиндеги оңурайган тартыштыкты кыскартканга шарт түзөт. Бютер азыркы рецессиянын экинчи пайдасын ушундан көрөт.

Деген менен “пайдалуу рецессия” идеясын бардык эле экономисттер эп көрө беришпейт. Бул процессти алар реалдуу илдет дешет: адамдар ишин жоготот, маяна-жалыйна азаят, компаниялар кыйынчылыкка,атүгүл банкротко учурайт. Мэриленд университетинин профессору Питер Морики, маселен, бу ишке шумпайлар аралашканын айтып: “Аларга кошо бүтүндөй бир шаардын күлүн көккө сапырып, айыпсыз адамдарды сызга отуруп салыш керекпи?” – деп суроо салат. Эгер экономиканын өлөсө абалга жетишин алдын албаса, анда “жазыксыз” деп аталган бул илдеттин кесепети чоң болот. Экономика профессору Нью-Йорктун банктарында отурган финансылык шылуундар Жакынкы Чыгыштан жана Азиядан суу сузгандай эле капитал алып жатышканына көңүл буруп, алар иш жүзүндө экономиканын өлөсөлүү абалынан эгерим жапа чекпей турганын эскертти.

Ал эми Вашингтондогу либералдык маанайдагы аналитикалык борбордун эксперти Харед Бернстеин балээнин баарын соңку он беш жыл ичинде финансы чөйрөсүндөгү, козголбос мүлк жана банк иштериндеги кырдаалды жөнгө салуунун көп механизмдери алынып салынганынан көрөт. ”Ошо көзөмөлдүн жоголгону акыры айланып келип экономикага өзөртө сокку урду”, - дейт ал.

Иши кылып, ”рецессиянын пайдалуулугу” жөнүндөгү кептер азырынча карандай теория бойдон калат көрүнөт. Деген менен бу идеянын тарапкерлери да аз эмес шекилденет.
XS
SM
MD
LG