Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:37

ТҮРКИЯДА ЖОЖдо ЖООЛУК САЛЫНУУГА ЖОЛ АЧУУ АРАКЕТИ КЫЗУУ ТАЛАШ ЖАРАТТЫ


Башкаруудагы Адилет жана Өнүгүү партиясы менен оппозициядагы Миллиетчи Харекет Партиясы (МХП) ортосунда ЖОЖдордо жоолук caлынуу тууралуу мурдагы күнү табылган мунаса парламентке сунуш кылынды.

Түркиянын жакынкы тарыхына “пост-модерн аскердик путч” катары жазылып калган окуялар орун алган 1997-жылдан бери өлкөнүн ички саясат майданындагы эң эле талаштуу маселелердин бирине айланып калган ЖОЖдордо турбан тагынуу маселеси, башкаруудагы Ак Партия менен оппозициядагы кичине партия МХПнин орток тил табышуусу аркылуу Мажлистин күн тартибине келди. Бул мыйзам долбоору нечен жылдардан бери коомдо бөөдө жиктенүүлөргө себеп болгон, элдин лаик-секулярдуу катмары тарабынан шарият түзүмүн каалаган динчил лагердегилердин символу, динге жакын саясатчылар тарабынан билим алуу укугунун бир бөлүгү катары жорулуп келген турбан маселесин конституциянын 10-жана 42–статьяларына, ошондой эле ЖОЖ мыйзамынын 17-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу чечүүнү көздөйт.

Бүгүн конституциялык комиссиянын кароосуна коюлуп, 10 күндүн аралыгында Мажлистин жактыруусунунан өтүп күчкө кирүүсү күтүлгөн долбоор дароо оппозициядагы ЖХП, айрым университеттердин ректорлору жана бир катар жарандык уюмдар тарабынан кескин сынга алынды. ЖХПнин төрагасы Дениз Байкал мырза кечээ партиясынын жыйынында чыгып сүйлөп, “бүгүн ЖОЖдорго делинген мыйзам эртең жүрүп олтуруп, лицейлер жана орто мектептерге, атүгүл мамлекеттик мекемелерге жайылат” деген пикирин айтты.

-Бул мыйзам долбоору бир гана университеттерде эмес, жалпы эл агартуу системасынын ичинде, биздин элибизге, тарыхыбыз, үрп-адаттарыбыз жана маданиятыбызга тийешеси жок, сырттан Түркияга тымызын саясий максаттар менен таңууланган бир импорттук кейип болуп эсептелет. Муну туура түшүнөлү. Келип жаткан бул неме биздин Анатолиянын келин-кыздары тагынган жоолук эмес. Бул - Араб-Вахаби, Аббаси-Амави Ислам түшүнүгүнүн Түркияны бутага алган тымызын долбоорлорунун символу катары, алардын Түркиядагы малайлары Анатолиянын калкына таңуулап жаткан чоочун бир униформа болуп эсептелет,- деп жаалданды Байкал мырза.

Малатя университетинин ректору, профессор Фатих Хилмиоглу эгерде турбанга уруксат берилсе бул өлкөдө баш аламандыка жана режим кризисине алып барарын эскертсе, Анталядагы Акдеңиз университетинин ректору, профессор Мустафа Акай “бул өзгөртүүлөрдү кандайдыр бир бурулуш учур, кандайдыр бир реакциячыл төңкөрүш катары баалар элем. Бул Түркия жумуруятына дегеле жакшылык алып келбейт” деген пикирин айтты. Алынган кийинки маалыматтарга ылайык, жума күнү ректорлор жогорку башкармасы бул тууралуу атайын жыйын өткөрөт. Жумуруятчыл Аялдар Уюму баштаган бир топ жарандык уюмдар массалык митингдерди уюштура тургандыктарын билдирип жатышат.

ЖХП жана айрым чөйрөлөрдүн сын пикирлерине жооп кайтарып премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган менен МХП Лидери Девлет Бахчели мунасага жетишилген форма бир гана университеттерде окугандарга тийешелүү боло турганына ишендиришти. Өкмөт башчысы Эрдоган: “Биздин университеттердин сыртында күтүп жаткан кыздарыбыздын түйшүгүн жеңилдетиштен башка күткөн максатыбыз жок. Жетишилген мунаса бир гана университеттерди камтыйт” деп айтты.

Президентти шайлоо кезинде болгон өңдүү бул жолу дагы өкмөткө көмөк көрсөтүүнү чечкен МХПнин лидери Девлет Бахчели мырза дагы бул мыйзам университеттерди гана камтырына басым жасап: “Бул жөнүндө жүрүп жаткан талкууларды табыйгы нугунан чыгарып, лаиктик жана режим жаңжалы багытына которууну каалаган, парламенттин эч кандай бир мыйзамды өзгөртүүгө укугу болбогонун доо кылган жана аны жарандык ыңкылап же конституциялык кылмышка жатаарын ырастоо менен демократиянын сыртындагы күч жана методдорго үмүт арткан, жардык чыгара коюп конституциялык мекемелерди башкаргысы келгендер бизге акыл берип жатышат. Бизге андайча акылдын кажети жок” деп айтты.

XS
SM
MD
LG