Өткөн аптанын этегинде өкмөттөн келип түшкөн 2008-жыл үчүн бюджет долбоорду кароого комитеттер кечээ киришкен. Билим, илим, маданият комитетинин төрагасы Иса Өмүркуловдун маалыматына караганда, төрага Адахан Мадумаров бюджетти 1-февралга чейин кабыл алып берүүнү комитеттерге сунуштап жатат. (BuS)