Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:30

Флорида штатында АКШ президентин шайлоого талапкерди аныктоо үчүн добуш берүү аяктады


Республикачылар арасында сенатор Жон Маккейни менен Масачусетс штатынын мурдагы губернатору Ромни Руки көбүрөөк колдоого ээ болууда. Ал эми Арканзас университетинин мурдагы губернатору Майк Хукаби менен Нью-Йорктун мурдагы мэри Руди Жулиани алардан кыйла артта калууда. Флоридадагы алдын ала шайлоодо жеңген талапкер бир нече айдан кийин боло турган республикачылардын курултайында штат боюнча 57 делегаттын колдоосуна ээ болот. Ошондуктан, бул штаттагы алдын ала шайлоонун мааниси жогору деп саналууда. Республикалык партия үчүн Флоридадагы баштапкы шайлоонун мааниси чоң, себеби анын жеңүүчүсү алдыдагы жалпы улуттук куралтайында бул штаттын 57 делегатынын колдоосуна ээ болот. 5-февралда праймериз деп аталган баштапкы шайлоо Республикалык жана Демократиялык партиянын талапкерлери үчүн 22 штатта өтөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG