Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:57

Тажикстандын электр энергиясын өндүргөн компаниясы калкка электр кубатын берүүнү токтотушу ыктымал


Тажикстандын электр энергиясын өндүргөн мамлекеттик компаниясы өлкө аймагынын бысымдуу бөлүгүндө калкка электр кубатын берүүнү токтотууга мажбур. Анткени "Барки точик" компаниясынын кечээги билдирүүсүнө караганда, өлкөдө электр кубатынын кору түгөндү. Компаниянын маалыматына караганда, башкалаа Дүйшөмбүнүн кээ бир бөлүктөрү азыр бир –эки саатка гана электр кубатын алууда. Бийлик өкүлдөрү электр кубаты менен камсыздоо март айына барып, нормалдуу калыбына келет деген үмүттө. Катуу суукка байланыштуу Тажикстан электр кубатын берүүнү көбөйтүүнү Кыргызстандан өткөн аптада суранып, колдоо тапкан. Учурда Түркмөнстан менен да сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG