Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:56

11:36 Быйыл жазгы талаа жумуштары февраль айынын этегинде башталышы мүмкүн


“Жаздын эрте келишине байланыштуу Кыргызстанда быйылкы жылы жазгы талаа жумуштары эрте башталышы мүмкүн”, - деп айыл чарба министрлиги билдирүүдө. Адис Мырзабек Касымалиевдин баамында узакка созулган суук айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнө жакшы таасир берүүгө тийиш. “Кыргызстан үчүн аба ырайынын температурасы бир ай бою жыйырма градустун деңгээлинде тургандыгы өтө сейрек көрүнүш. Бул мөңгүлөрдө, көлдөрдө жана булактарда суунун өтө көп топтолуусуна алып келди”, – деген Мырзабек Касымалиев, быйылкы жылы жазгы талаа жумуштарына даярдык көрүүгө жана өткөрүүгө өзгөчө көңүл буруу керек деп кошумчалады. Азыркы маалда өлкөдө жазгы талаа жумуштарын уюштурууга техникалык жабдуулар жетимиш пайызга даяр. (ESu)

XS
SM
MD
LG