Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:27

УКУК КОРГООЧУЛАР УЛУТТАР УЮМУНА АРЫЗДАНАТ


Маектешкен Шайырбек Эркин уулу Соңку убакта Кыргызстанда адам укуктарына байланышкан абал бир топ начарлап кеткени айтылууда. Мындай абалга тынчсызданган жергиликтүү укук коргоочулар акыркы күндөрдө бир катар эларалык уюмдарга кайрылууларды жолдошту. “Азаттыктын” түз ободогу маеги өлкөдөгү адам укуктарына байланышкан абал тууралуу болуп, буга байланыштуу суроолорго “Психикалык саламаттык жана коом” аттуу уюмдун жетекчиси, укук коргоочулардын Координациялык кеңешинин мүчөсү Бурул Макенбаева жооп берди.

-Акыркы убактарда Кыргызстанда нааразылык чараларына чыккандарга кысым күчөп, аларды кууп таратуу же милициянын кармап кетиши адатка айланып бараткандай. “Мен ишенбейм...” нааразылык чаранын катышуучуларынын үстүнөн сот иши жүрүп жатканы буга соңку мисал. Сиздин оюңузча, мындай мамилеге эмне себеп болууда?

Менин жеке пикирим боюнча, бизде 24-мартта, 2005-жылы бийлик мыйзамсыз жол менен алмашып калган. Эми ал өзүнчө саясий күчтөргө бир үлгү болуп калды деп ойлойм. Анткени азыркы бийлике ал коркунуч түзүшү мүмкүн, “ошондой дагы болуп кетпейби”, - деп кооптонот. Ал эми оппозициялык күчтөргө анын кайталанышына дагы кызыкчылык түзүшү мүмкүн. Ошол себептен, митинге бийлик тыюу салганга аракет жасап жатат. Ошол эле маалда, адамдар башка фундеманталдуу укуктарынан ажырап баратат. Биринчиден, бул – шайлоо укугу. Баарыбыз билебиз, көптөр Бишкекте шайлоого катышпай калган. Азыркыга дейре биз ошол шайлоонун жыйынтыктары боюнча ачык маалымат ала албай жатабыз. Ошол “мен ишенбейм” деген адамдар эркиндик укугунан ажырап, камакка алынууда. Бишкекский рапределитель деп коет, ошонун шарты укук коргоочулардын жана эларалык стандарттары боюнча адамдарды азапка салууга, кыйноого жана башка ырайымсыздык, адамкерчиликсиз шарттарга туш болду.

-Эми ушундай абал улана берсе, эмнеге алып келиши мүмкүн?

Бул абдан чоң эле коркунуч деп ойлойбуз. Анткени ошол камакта жаткан адамдардын саны өтө көп экен, бул азыр билинип жатат. Жөнөкөй эле адамдар паспорт режимди бузду, же документи жок, же белгилүү бир жашаган жери жок деп ал жакта сегиз жарым миң камалып чыгыптыр. Бул өтө массалык адам укугунун бузулушу, биз коркуп жатабыз. Себеби алардын бардыгы жөнөкөй эле өтүп кетпейт, адамдар арасында нааразылыгын күчөтөт жана радикалдуу иш-аракеттерге жол ачышы мүмкүн.

-Кечээ укук коргоочулар Улуттар уюмуна жана бир катар эларалык уюмдарга адам укуктарына байланышкан абалга тынчсызданган бир нече кайрылууларды жолдошту. Сиздин баамынызда, анын натыйжасында, бул жааттагы абал өзгөрүшү мүмкүнбү?

Биз ойлойбуз ал өзгөрөт. Биз буга ишенебиз. Анткени ушундай эларалык процедураларды колдонгонго биз укуктуубуз жана ошондой жолубуз бар. Анткени ошол камакта жаткан адамдар бардык жолдорду колдонду: алар сотко дагы, башкы прокуратурага, президентке дагы кайрылды. Бирок өз өлкөсүнөн эч кандай жардам таппаса, ошондой БУУнун атайын процедураларына кайрылышы мүмкүн. Азыр ошондой негиз болуп жатат. Кыргызстанда атайын докладчиктер деген болот, ошолорго кайрылуу түзүп, кириши мүмкүн.

-Маегиңиз үчүн рахмат.

XS
SM
MD
LG