Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:21

12:46 “Мен ишенбейм...” акциясынын бир мүчөсү “күнөөсүз” деп табылды


Биринчи Май райондук сотунда бүгүн да “Мен ишенбейм...” нааразылык иш-чарасынын катышуучуларынын иштери каралууда. Соттон кабарчыбыз Эдил Сапарбек уулу маалымдаганына караганда, акциянын катышуучуларынын бири Азамат Мусакулов Административдик Кодекстин 392-беренеси боюнча “митинг-пикеттерди өткөрүүнүн эрежелерин бузган” деп табылды жана ага 1000 сот айып тагылды. Ушул эле берене боюнча айыпталган Сүйүнаалы уулу Азамат “күнөөсүн күбөлөндүргөн далилдердин жетишсиздигинен” улам, “айыпсыз” деп табылып, бошотулду. Бүгүн “Мен ишенбейм...” акциясынын дагы бир топ катышуучуларынын иши сотто каралышы күтүлүүдө. Азырынча саат 15:00 чейин сот тыныгуу жарыялаганы кабарланды. (TD)

XS
SM
MD
LG