Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:02

Маектешкен Шайырбек Эркин уулу Акыркы учурда “Кыргызстан демократия эрежелеринен артка кетүүдө” деген пикирлер көп айтыла баштады. Аларга негизинен адам укуктарына байланышкан абалдын начарлашы жана оппозициялык партиялардын өкүлдөрүнө саясий кысымдардын күчөшү себеп болууда. Ошол эле учурда коомчулукта “оппозиция туруксуздугун көрсөттү жана алсырап калды” деген дагы пикирлер жок эмес. Ушул маселелердин тегерегинде “Азаттыктын” суроолоруна саясат таанучу, профессор Жолборс Жоробеков жооп берди.

-Жолбор мырза, алгач кыргыз оппозициясынын азыркы абалы тууралуу айтсаңыз, бизде туруктуу оппозиция барбы?

-Бизде туруктуу оппозиция бар, болгон, оппозициясыз мамлекет болбойт. Себеби оппозиция демократиялык мамлекеттин бирден бир белгиси. Эгерде оппозиция жок болсо, аны пайда кылыш керек. Бирок бизде мамлекетибиздин эгемендүү кыска жылдарынын ичинде ошол оппозиция абдан мыйзам ченемдүү өнүгүп, өсүп келе жаткан. Айрым жигиттербиздин оппозицияга келиши, анан алардын кайра мамлекеттик кызматтарга өтүп, өзүнүн позицияларын жүз пайызга алмаштырып, олку-солку болушу менен оппозициянын кадыр-баркы, авторитети Кыргызстанда бир топ начарлады. Анын үстүнө бул оппозициянын начарлашына бийликти алганы келгендер, өзүнүн позициясы бекем эместер, кандайдыр бир креслого эле өзүнүн принциптерин алмаштырып жибергендер түзүп калды. Ошол себептен мен ойлойм, азыр оппозиция мурдагыдай күчтүү болбосо дагы ал бар.

-Оппозиция соңку учурда саясий кысымга кабылып жатканы айтылууда. Оппозицияны саясий талаадан сүрүп чыгаруу менен алардын ордуна башка радикалдык күчтөрдүн келишин шарттабайбы?

-Жок. Менин оюмча, мына дал ушул радикалдуу оппозициядан биздин кыргыз эли жадап бүттү. Ошол оппозициянын радикалдык, баш аламандык, күчкө салуу ыкмаларын токтотуп, эми буюрса, мындан ары цивилизациялуу түрдө, мыйзамдуу түрдө оппозициянын бир катмары келет деп ойлойм. Анткен себеби, азыр оппозициядагы жигиттер кызматтарга кетишти, көпчүлүгү өзүнүн өңү-түсүн жоготуп алышты, көпчүлүгү өздөрүнүн жыйган мал-мүлктөрүн чогултуп, ошолорду коргоп калуу үчүн аракеттенип жатышат. Албетте мында президент Курманбек Бакиевдин чоң салымы бар. Себеби, оппозициядамын деп кыйкырып жүргөн жигиттердин көбүнө кызмат берди. Ошонун айынан оппозициянын катары бир топ бошоңдоду. Эми оппозициянын дагы бир толкуну, дагы бир катмары 2-3 жылда элдин арасында пайда болот деп ойлойм.

-Белгилүү болгондой бир катар оппозициялык күчтөр “Акыйкат үчүн” деген кыймылга биригишип, коомдук парламент түзүп жатканын жарыялашууда. Бул арада “Асаба” партиясынын төрагасы Азимбек Бекназаров болсо, президентти мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетирүү боюнча Революциялык комитет түзгөнүн жарыялады. Бул комитеттин талаптары канчалык негиздүү?

-Бекназаровду деле кыргыз эли, өзүнүн кичи мекени болгон Аксы эли жакшы билет. Кечээги шайлоодо араң эле 5 пайыз алды. Бекназаровду көргөнбүз да, ал кыргыз элине таанылып калганы үчүн Акаевге рахмат айтышы керек. Эми азыр элдин бардыгы эле түшүнүп калды азыр эле бир кызматты сунуштай койсо, өзүнүн оюнан кайтат. Анын үстүнө мен сөздүн башында айткандай, азыр эл өтө радикалдуу, кан төгүүлөргө, ызы-чууларга толгон нерселерден тажап бүтүштү да. Ошон үчүн Бекназаровдун жасап жатканы чоң мамлекеттик деңгээлде саясатты жасай турган иш эмес.

-Ошол эле учурда Азимбек Бекназаров “2005-жылы 24-мартта, март ыңкылабы өзүнүн максатына жеткен жок. Ошол кезде берген убадаларын президент аткарган жок” деп айтууда. Буга кандай дейсиз?

-“Ыңкылап өзүнүн максатына жеткен жок, жетти” деп бул баягы марксизмдин теориясы менен талаша берсе болот, бул бүтпөйт. Март революциясынын максаты Акаевдин кетип калышы менен эле бүттү. Мына азыр буюрса, жалпы укуктук мамлекетти түптөө максатында коңшуларыбыз Орусия, Казакстандан, дүйнөлүк процесстен калбай, ошонун катарында баратабыз. Менин оюмча, Бекназаровдуку бул кечээ күн болуп эсептелет.

-Маегиңиз үчүн рахмат.
XS
SM
MD
LG