Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:26

Маектешкен Шайырбек Эркин уулу Быйыл апрель айынан тарта электр кубатынын баасы жогорулашы күтүлүүдө. Кечээ Жогорку кеңештин Отун энергетика жана жер байлыктарын пайдалануу боюнча комитети энергетика жана суу ресурстарын пайдалануу боюнча мыйзамдарга коюлган президенттин ветосун колдоп, эми электр кубатынын баасын өкмөт өзү беките турган болду. Өлкөдөгү энергетика саясаты боюнча “Азаттык” үналгысына “Туран” партиясынын лидерлеринин бири, Жогорку кеңештин мурдагы депутаты Тайырбек Сарпашов маек куруп берди.

-Тайырбек мырза, мына быйыл жаздан тарта электр кубатынын баасы өсөрү айтылууда. Ошол эле учурда энергетикалык ири объектилерди менчиктештирүүнү “Ак жол” фракциясы колдоп берери кечээги жыйында белгилүү болду. Сиз азыркы бийликтин энергетика саясатына кандай баа бересиз?

-Негизинен, приватизациянын кезинде бекитилген программа аягына чыга элек болчу. Бул реформа аягына чейин жүргүзүлүшү керек эле. Мында талаш жок. Анткени ушул бойдон тура берсе, энергетика азыр бир ууч адамдардын колунда кызмат кылып жатат. Ошондуктан негизинен бул саясатты улантыш керек. Бирок кимдин колуна беребиз бул - башка бир маселе. Энергетиканы жеке менчике беребизби, коомдук менчик, же кооперативдик, же муниципалдык менчик кылабызбы? Ушул жерге келгенде талашып көрсөк болот.

-Энергетика тармагын менчиктештирүүгө мурдагы парламенттин көпчүлүк депутаттары кескин каршы болуп келишкен. Сиздин оюңуз боюнча, бул тармакта менчиктештирүү жараянынын арты кандай болушу мүмкүн?

-Мен беш жыл ушул комитетти жетектеп келгем. Приватизациянын түрлөрү бар. Бүгүнкү күндө дүйнө практикасында үч түрү бар менчиктин: эгерде электр энергия гидростанциядан өндүрүлсө, анда бөлүштүрүүчү тармак көбүн кооперативдик менчиктин колунда болот. Эгерде электр энергия теплостанциялардан, жанагындай мунай же көмүр жагылып, ТЕЦтерден өндүрүлсө, анда көбүнчө ал жеке менчиктин колунда болот. Мен бөлүштүрүүчү тармак жөнүндө айтып жатам. Анткени бүгүнкү күндө бөлүштүрүүчү тармакты гана приватташтырыш керек. ГЭСтерди мен жазган мыйзамга ылайык, эч качан менчиктештирүүгө болбойт. Ал эми дүйнө жүзүндө үчүнчү бир практика бар: эгерде электр энергия шамалдан өндүрүлсө, же күндүн нуру пайдаланып өндүрүлсө, көбүнчөсүн бөлүштүрүүчү тармак муниципалдык, шаардын менчигинде, же губернаторлордун, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун колунда болот. Үч түрдүү менчиктештирүүнүн мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми бүгүнкү өкмөт парламент менен биргелешип кайсы жолун тандайт? Эгерде гидростанцияларды өндүргөн багытта туруп, булар жеке менчик тармагына берсе, жаңылыш болот деп ойлойм. Мен Атамбаевдин өкмөтүнө сунуш бергем, жазып бергем, Кыргызстанда бөлүштүрүүчү тармакты кандай менчиктештириш керек, аны кооперативдик менчике өткөрүү, башкача айтканда, элдин колуна, ар бир абоненттин колуна акция катары өткөрүп берүү сунушун бергем. Эми тарифти көтөрүү маселесин алсак, бүгүнкү кундө тарифти көтөрүүнүн эки коркунучу бар. Биринчиден, ансыз деле эл жоготуулары 50 пайызга жакындап жатат. Ошол жоготууларды азайтуу жолу менен көтөрбөш керек эле. Экинчиден, эгерде көтөрө турган болсок, анда Кыргызстандын макро-экономикасында инфляция болуп, сомдун баасы ылдый түшүшү мүмкүн. Анткени жазында жалаң эле электр энергия эмес, башка баалар дагы кымбаттаганы турат. Бул баардыгы сөзсүз инфляцияны чакырат.

-Кечээги парламент комитетинин жыйынында премьер-министр Игорь Чудинов электр кубатына баа көтөрүлбөсө, инфляцияны ооздуктоо кыйын экендигин айтты.

-Ооздуктоо кыйын эмес, инфляцияны ошол баалардын көтөрүлүшү чакырат да. Мисалы, биздин статистика комитети “былтыр жылды биз 20 пайыз инфляция менен аяктадык” деп расмий билдирбедиби. Эмне себептен инфляция көтөрүлдү? Анткени нандын, азык-түлүктөрдүн баасынын көтөрүлгөнүнө байланыштуу инфляция көтөрүлдү. Бизде электр энергиясынын, газдын, сырттан ташылып келинген мунай заттардын баасы дагы көтөрүлүп жатат, ай сайын 1 сом, 50 тыйындан көтөрүлүп жатпайбы. Жазга жуук дагы кымбатташы мүмкүн. Алар кымбаттаса, сөзсүз түрдө биздин дыйкандар сепкен эгиндин баасына таасир этет жана алар дагы кымбаттайт.

-Маегиңиз үчүн рахмат.
XS
SM
MD
LG