Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:25

17:45 Нарын шаардык кеңеши балдардын эмгегин пайдаланууга тыюу салган токтом кабыл алды


30-январда Нарын шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги сессиясы балдардын эмгегин акысыз түрүндө пайдаланууга тыюу салган чечим чыгарды. Бул маселени иликтеген “Нуржолбел” бей өкмөт уюмунун билдирүүсүнө караганда, Нарын шаарындагы бардык мектеп окуучуларын көчө, парк жана арыктарды тазалоо үчүн кыйнап иштетишет, таштанды тазалатышат. Эгерде жогорку даражадагы делегация келе турган болсо мындай көрүнүш плансыз ишке ашырылат. Ал эми жергиликтүү бийлик органдары мындай ишке каражат каралбагандыгынан жана кызматкерлердин жетишсиздигинен айласыздан барып жатышкандыктарын билдирип келатышат. Буга чейин Нарын шаарынын коллегиясында да губернатор Өмүрбек Суваналиев балдар эмгегин пайдаланууга таптакыр тыюу салуу керек деп билдирген. (JI)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG