АКШда Улуттук банк катары эсептелген Федералдык резерв системасы кредиттер боюнча үстөк пайызын азайтып, эми үч пайызга түшүрдү. Бул - үстөк пайыздын акыркы он күн ичинде экинчи ирээт төмөндөтүлүшү. Жогорудагыдай чара АКШ экономикасында рецессия башталышы ыктымал деген кооптонуулардан улам жасалып жатат. Кечээ болсо Конгресс экономиканы стимулдаштырууга багытталган чараларды жактырды.