Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:32

Нью-Йорктун мурдагы мэри президенттик жарыштан баш тартканын жарыялады


Кошмо Штаттарда Нью-Йорктун мурдагы мэри, Республикалык партиядан президентикке талапкерлердин бири Руди Жулиани жарыштан чыкканын жарыялады жана республикачылардын башка талапкери сенатор Жон МакКейнге колдоо көргөздү. МакКейн кечээ Флоридадагы баштапкы шайлоодо биринчи орунга чыккан. Эми республикачылардын президентикке үч талапкери бар. Демократиялык партиянын талапкерлери ичинен жарыштан чыкканын мурдагы сенатор Жон Эдварс жарыялады. Муну менен демократтардан эки негизги талапкер: сенаторлор Хилари Клинтон жана Барак Обама калышты. Алдыдагы шейшемби күнү праймериз деп аталган баштапкы шайлоо өлкөнүн 20дан ашуун штатында өтөт.

XS
SM
MD
LG