Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:30

ТАЖИКСТАНДА ИСЛАМ ПАРТИЯСЫНЫН БЕЛДҮҮ МҮЧӨСҮ АБАКТА АЖАЛ ТАПТЫ


Тажикстан Ислам кайра жаралуу партиясынын төрага орун басары Шамсуддин Шамсуддинов шаршемби күнү каза тапты. Маркум 2004- жылдын башынан бери Дүйшөмбүнүн четиндеги абакта отурган. Ырасмий бийликтер 55 жаштагы Шамсуддинов рактан көз жумганын маалымдашты. Мындай маалыматка маркумдун жакындары ишене бербей жатышат. Ал эми Ислам партиясынын жетекчилиги башында эле Шамсуддинов жалган жалаа менен соттолгонун, бир күнү президенттин жарлыгы менен акталаарын айтып жүрүшкөн.

Шамсуддин Шамсуддинов 1992-97- жылдардагы жарандык согуш учурунда Ислам кайра жаралуу партиясын жетектеген. Партия Биргелешкен тажик оппозициясынын негизин түзгөн. Согушка чекит койгон Тынчтык келишими боюнча ИКЖПнын мүчөлөрү мунапыс алып, башчылары бийлик курамына кирген.

Шамсуддинов кылмышкерлер тобун уюштурду, чекараны мыйзамсыз өттү, көп аял алды деп айыпталып, 2004- жылы январда абакка кесилген. ИКЖПнын көпчүлүк жетекчилеринен айрымаланып, Шамсуддинов калктын 40 проценти жашаган өлкө түндүгүнөн болгон. Андыктан, партия 2005- жылдын башында болчу парламенттик шайлоодо ага таянып, көп добуш алууну боолгоп жүргөн. ИКЖП ошон үчүн Шамсуддиновду партияны шайлоо алдында алсыратуу үчүн атайын камашты деп чыккан. Партиянын ошол кездеги дагы бир орун басар төрагасы Мухиддин Кабири 1997- жылкы Тынчтык келишимине ылайык Шамсуддинов кол тийбестик укугуна ээ болгон, ошон үчүн ал натуура соттолду деген пикирин айткан ошондо:

-Ал (Шамсуддинов) жаңылыш соттолгон деп ойлойм. Себеби ал айрым куралдуу топко кирген чакта да мунапыс алган эле. Бардык куралдуу топторго, анын ичинде өкмөттүк жана оппозициялык топторго үч жолу жалпы мунапыс берилгени маалым. Шамсуддинов кылмыш топтору менен кандайдыр бир байланышта болгон деп ойлобойм.

Мухиддин Кабири азыр Ислам кайра жаралуу партиясынын төрагасы. Бул партияны узак жылдар жетектеген Саид Абдулло Нури да өкүмдү эшитер замат Шамсуддинов жалган дооматка жыгылды деп, президент Эмомали Рахмон соттун өкүмүнө көз жумуп койгонуна өкүнүчүн билдирген:

-”Ишон” Шамсуддинов боюнча сот өкүмүн өкмөт адамдары, өзгөчө, урматтуу Эмомали Шарипович бекитет деп күткөн эмеспиз. Шамсуддиновго жалган жалаа тагылгандыктан, аны Президент бошотот деп ишенгенбиз.

Саид Абдулло Нури 2006- жылы көз жумганга чейин эле Шамсуддиновго бир күнү президент мунапыс берет деп да тынбай айтып жүргөн.

Ислам партиясынын жетекчилиги “Азаттык” радиосунун тажик кызматына Шамсуддинов кургак учук менен ооруп жүргөнүн, жакында эле түрмөнүн ооруканасына которулганын тастыкташты. Бирок маркумдун жакындары ырасмий бийликтердин берген түшүндүрмөсүнө ишенбегенин айтышкан.
XS
SM
MD
LG