Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:31

АКШ президенти Жорж Буш мамлекет башчысы катары акыркы жыл иштеп жатат. Соңку мезгилдерде америкалык саясий терминдердин ичинде “мурас” жана “чабал өрдөк” деген сөздөр пайдалана баштаган өңдүү. “Мурас” деп, албетте, президенттин өлкө үчүн өтөгөн кызматына тарых кандай баа берээрин айтышат, ал эми “чабал өрдөк” деген макамды, адатта, президенттигинин аягында саясий мааниден такыр эле күчүн жоготкон, натыйжасыз лидерлерди аташат. Президент Ж. Буш өзүнүн тарыхка калчу “мурасы” катары Израиль менен Палестинаны жараштырууга көргөн аракеттерин атаганга аракет кылып жүрөт. Бирок дүйшөмбү күнү Ж. Буш Конгресске жана элге жылдык кайрылуусунда бул маселе боюнча эч кандай деле жаңы демилгени сунуштай алган жок. Муну менен ал, кайсыл бир деңгээлде, чын эле өзүнүн “чабал өрдөк” ролун мойнуна алды, дешет серепчилер. Американын башка президенттеринин бийликтеги акыркы жылдары кандай маанилүү окуялар менен эсте калган эле?

Рожер Пайлондун айтымында, жаңы “чабал өрдөктөрдүн” арасында Буш менен салыштыра тургандары жок. Анткени президенттер кызматтан кетип жаткан учурда гана өздөрүнүн “чабал өрдөк” болуп калышкандыктарын сезе башташат.

Пайлон Като Университетиндеги Конституциялык окуулар борборун жетектейт. Бул – Вашингтондо саясий изилдөөлөрдү жүргүзгөн жеке-менчик борбор. “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, ал Дуайт Эйзенхауэрден кийин президенттикке келгендердин тарыхка калтырган мурасын изилдөөлөрдү кыскартуу керек деп биле тургандыгын айтты. Анткени Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин президенттиктин мааниси тездик менен өзгөрө баштаган.

Пайлаондун айтымында, Эйзенхауэр 1961-жылы президенттиктен кеткенден кийин АКШнын жетекчилигине келген мамлекет башчыларынын ичинде үчөө гана эки жолку толук мөөнөткө шайланган. Булар: Роналд Рейган, Билл Клинтон жана азыр Жорж Буш.

Ошол учурда иштеген башка президенттердин ичинде Жон Кеннедини биринчи мөнөтүнүн үчүнчү жылында атып кетишти, Линдон Жонсон болсо Вьетнам согушунун айынан добуш берүчүлөр арасында көтөрүлгөн нааразычылыктарды эске алып, экинчи жолу президенттикке ат салышуудан баш тартты. Ал эми Клинтон Жорж Буштун атасын жеңип алды.

Натыйжада, Пайлондун айтымында, Кеннеди, Жонсон жана улуу Буш тарыхта из калтыруу үчүн иштеп бүткөнгө үлгүрбөй калышты. Ал эми Рейган, Клинтон жана кичүү Буш - баары тең экинчи президенттик мөөнөтү учурунда кыйынчылыктарга дуушар болушкан. Рейган, мисалы, айтылуу “Иран-контрас” курал сатуу боюнча жаңжалга кабылды, Клинтонго импичмент жарыяланды, бирок кызматтан кетүүгө зордолгон жок, ал эми Буштун тышкы саясаты колдоо таппай калды.

Андыктан, Пайлондун ишениминде, бул үч президент, өзгөчө Буш, өздөрүнүн тарыхта калтыра турган мурасы тууралуу ойлонушу зарыл. Клинтон буга чейин Израиль менен Палестинаны жараштырам деп канча аракет кылды, эч майнап болбоду, эми ошол эле максатта Буш да аракеттерин көрүп жатат. Анын айтымында, “кансыз согушту” токтотуунун камын көрүп, ага шарт түзгөн Рейган гана ийгиликке жетише алды.

Азыркы президент Жорж Буш чындап эле өзүнүн тарыхтагы оорду тууралуу ойлонот деп ишенет серепчи:

-Менимче, мында “мурас калтырыш керек” деген сезим жана “тарых мени соттоп, баасын берет” деген түшүнүк мааниге ээ болуш керек. Өзүн, мисалы, тарыхта алсыз кылып көрсөтүүнү каалабайт. Мына ушундай эле нерсе Буштун атасында болуп, ал экинчи мөөнөткө шайлоодо утулуп калган. Экономикалык оор абал учурунда келген Буш төрт жылдын иши бүткөндө да мактанаарлык эч нерсе көрсөтө албады, - дейт Пайлон.

Азыр эми кичүү Жорж Буш тарыхта оозго алаарлык иш калтырууга камынып, аракеттенип жатканы анын “ийгиликсиз макамы” менен айкалышат, деп эсептейт ал.
XS
SM
MD
LG