Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:17

16:22 “Мен ишенбейм...” акциясынын дагы 3 катышуучусуна 1000 сомдон айып тагылды


Биринчи Май райондук соту бүгүн “Мен ишенбейм...” акциясынын катышуучулары Жоомарт Сапарбаевди, Азамат Жаңыбаевди жана Айбек Бакасовду Административдик кодекстин 392-беренеси боюнча “митинг-пикеттерди өткөрүүнүн эрежелерин бузган” деп айыптап, 1000 сомдон айыпка тартканын соттон кабарчыбыз Айгүл Жунушалиева маалымдады. Анын айтымында, ушул мүнөттөрдө Тилек Сыдыковдун сот иши каралып жатат. Бул аталган акция боюнча акыркы соттук иш болушу күтүлүүдө. (TD)

XS
SM
MD
LG