Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:53

18:45 Нарында жаш “атамекенчилер” бийликке каршы көтөрүлүүгө үндөп жатышат


Нарында тегерек үстөл жыйын болуп, анда “Мен ишенбейм” акциясына катышкандардын кармалып жаткан фактылары талкууланды. Жыйынды “Кылым шамы” укук коргоо борборунун Нарындагы өкүлчүлүгү уюштурду. “Абдулразак коругу” коомдук уюмдун жетекчиси Абдыразак Шермамбетов бийлик бир колго өткөндүктөн өзүм билемдик күч алды деп белгилесе, милициянын ардагери Айдарбек Сакеев мындай саясаттын арты кагылышууга алып келет дейт. “Ата мекен” партиясынын жаштар канатынын өкүлү Эрлан Аскаров жаз алды менен бирдиктүү күч катары бийликке каршы чыгуу керектигин, мындай шааниге жаштар арасында даярдыктар бар экендигин айтат. Нарын мамлекеттик университетинин окуучусу Кубат Асан уулу азыркы бийликтин келген жолуна түшпөй, мыйзам чегинде иштөөгө чакырык таштады. Бирок мындай жүйөгө жыйынга катышкан адвокат Сартбай Жайчыбеков макул болгон жок. Анын пикиринде мыйзамдан чыккан учурлар болот, ага жаштар алдын ала даяр болуулары абзел. Жыйындын катышуучулары атайын кайрылуу кабыл алышты. (KUs)

XS
SM
MD
LG