Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:13

АКШда республикачылардан президенттикке талапкер Рудольф Жулиани шайлоо өнөктүгүнөн чыкты


Нью –Йорк шаарынын мурунку мэри шаршемби күнү кечинде Калифорнияда сөз сүйлөп жатып, шайлоочуларын сенатор Жон-Маккейнге добуш берүүгө чакырды. Ушул эле шаршемби күнү демократтардан президенттикке көрсөтүлүп жаткан Жон Эдвардс да шайлоо күрөшүнөн баш тартканын жарыя кылды. Азыр демократтардан президенттикке эки талапкер: сенаторлор Хилари Клинтон менен Барак Обама ат салышууда. 5-февралга белгиленген “Чон шейшембиде” АКШнын 50 штатында “праймериз” башкача айтканда, алдын-ала шайлоолор өтүп, эки партиянын негизги талапкерлери аныкталат деп күтүлүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG