Андан 17 адам каза таап, кыркка жакыны жараат алды. Текстиль компаниясына жакын турган үйлөр кыйрап, он беш чакты киши урандылар алдында калганы кабарланууда. Окуя болгон жерден адамдарды куткаруу иштери жүрүүдө. Ырасмий бийлик кырсыкка террорчулардын тиешеси жок экендигин ырасташууда.