Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:30

БАКУ-АШХАБАД ЫМАЛАСЫ ЖАКШЫРУУДА


Түркмөнстан менен Азербайжан ортосундагы салкын мамиле жылып, бу жагдай Орусияны айланып өткөн Транскаспий мунай куурун тургузуу мүмкүнчүлүгүн ачууда. Ушу тапка эки өлкө ортосундагы кызматташуу бекемделип, түркмөн президентинин жайында Бакуга белгиленген иш сапары буга үмүт байлатат.

Түркмөнстан менен Азербайжан ортосундагы тоңдоосун мамиле мунай менен газдын запасы бар Каспий денизиндеги аймакты талашуудан башталган. Түркмөндөр «сардар», ал эми азербайжандар «кяпяз» деп атаган бул аймакта 80 миллион баррель мунай жана 32 миллиард куб метр көлөмүндө газдын запасы бар деп айтышат. Азербайжандын бул аймакты иштетүү демилгеси убагында Ашхабаттын кескин сынына кабылып, Түркмөнстан Азербайжанды эл аралык сотко берип, ал түгүл БУУга чейин кайрылам деп чыккан. Эми минтип эки өлкө ымаласы жакшырып кийинки айда Бакуда тараптардын мунай менен газды экспорттто боюнча дипломатиялык сүйлөшүүлөрү өткөн жатат.

Серепчилер Түркмөнстан менен Азербайжандын ортосундагы мамиленин ийишин Бердимухаммедовдун жетишкендиги катары баалашууда. Анткени көп жылдар бою Ашхабатты обочодо кармап келген маркум Сапармурат Ниязовдон айырмаланып, азыркы түркмөн президенти өлкөнүн тышкы саясатын көп багыттуу нукта жүргүзүп, бир эле убакта Орусия, Батыш, Кытай менен байланыш кармоого умтулууда. Учурда мекенинен тыш жүргөн түркмөн оппозиция лидери Нурмухаммед Ханамов Бердимуххамедовдун мындай саясатына он баа берип, Түркмөнстан менен Азербайжандын кызматташуусу Ашхабат үчүн көгүлтүр отунду экспорттоодо жакшы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда дейт:

«Бийликке келгени Бердимухаммедов коңшу мамлекеттер менен алаканы жакшыртуу аракетин жасап жатат. Мисалы, жакында эле азербайжандар менен талаштуу каспийдеги мунай байлыктар маселеси талкууланды. Диалог аркылуу баардык маселерди чечсе болот. Бул жакшы жакка өнүгүү. Азербайжан менен талаштуу маселелер эми Каспий мунайкуурун куруу долбоору менен чечилет деген үмүттөбүз»,- дейт Ханамов.

Серепчилер эгер эки өлкө келишимге келсе, мунай куурун эң кыска маршрут болгон, Түркмөнбашы шаарынан Баку аркылуу тартуу мүмкүнчүлүгү каралат деп болжошууда. Бул шаарлардын ортосундагы аралык 250 километр чакырымды түзөт.

Түркмөн- азербайжан мамилелериндеги бурулуш кандай жыйынтыкка алып келет, күзгө жакын белгилүү болчудай. Сентябрда Каспий денизин жээктеген өлкөлөрдүн жогорку денгээлдеги үчүнчү жолугуушусу өтөт. Өткөн жылы октябрда Тегеранда өткөн мындай жолугуушуда Орусия, Иран, Казакстан, Азербайжан жана Түркмөнстан лидерлери Каспий денизиндеги байлыктар боюнча макулдашпай туруп бир да долбоор кабыл албайбыз деген келишимге келишкен эле.

Элен Куленбекова, Прага
XS
SM
MD
LG