Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:52

17:09 АКШнын элчиси Мари Йованович жаш укук коргоочулар менен жолугушту


31-январь күнү АКШнын элчиси Мари Йованович укук коргоочу Назгүл Турдубекова жана “Эркин муун” либералдык жаштар альянсынын жетекчиси Мирсулжан Намазалиев менен жолукту. Мирсулжан Намазалиевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча жолугуу демилгеси элчи тарабынан болгон. “АКШ демократиялуу өлкө катары бизге үлгү болчу мамлекет. Андыктан биз бул жолугушууга дароо макул болдук. Анда элчи айым менен учурдагы укуктук жана саясий абал, жалпы демократиянын орду жана аны түзүүдө жаштардын ролун талкууладык. Мен эгерде “Мен ишенбейм” акциясынын катышуучуларына бийлик тарабынан куугунтуктоо болсо элчиликтин реакция кылуусун өтүндүм. Элчи айым бул өтүнүчүмө оң жооп кылды”,- деди М. Намазалиев. (AiJu)

XS
SM
MD
LG