Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:15

18:21 Нарын облусу карышкырлардын кол салуусунан 10 миллион сомдон ашуун зыян тартты


Учурда Нарын облусунун аймагында карышкырларды жана чөөлөрдү атуу үчүн 10 бригадада 40 мергенчи иштеп жатат. Натыйжада январь айында 21 карышкыр атылган. Ошол эле маалда карышкырлар бир айда 80 жылкы, 250 тай, 843 кой, 81 эчки, 53 топоз жана 18 уйду чыгашага учуратып, мал ээлерине 10 млн. 976 миң сомдук зыян алып келген. Ал эми өткөн 2007-жыл ичинде карышкырлар 24 млн. 331 миң сом нарктагы малды кырган. Мындай маалыматты облустук акимчиликтин жетектөөчү адиси Эсен Абышев “Азаттыкка” билдирди. (KUs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG