Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:11

Германия Ооганстандын түштүгүндө немис аскерлерин жайгаштырбайт


Германиянын коргоо министри Франц Йозеф Юнг Ооганстандын түштүгүнө немис аскерлерин жайгаштыруу пландары жок деп билдирди. Анын алдында АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс Германиядан Ооганстанга кошумча аскер жиберүүнү сураган. “Зюддойче цайтунг” гезитинин жазганына караганда ал немис коргоо мекемесинин башчысына “демейдегиден башкача өктөм мүнөздөгү” кат аркылуу кайрылган. Ушу тапта Ооганстанда германиялык 3 миң 200 жоокер кызмат өтөөдө, алардын көбү салыштырмалуу тынч аймактарда жайгаштырылган. Акыркы мезгилдерде НАТОнун мүчөлөрү арасында Ооганстандагы миссияга байланыштуу көп пикир келишпестиктер байкалууда. Жакында эле Канада альянстын калган мүчөлөрү түштүк Ооганстанга көбүрөөк жоокерлерин жибербесе, “эмки жылдын башында контингентибизди чыгарып кетебиз”, - деп эскертти.

XS
SM
MD
LG