Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:43

Кыргызстандын тышкы иштер министри Эднан Карабаев араб мамлекеттерине сапар алып, Меккеде кичи зыярат кылууга да үлгүрдү. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, министрдин сапары Кыргызстанга дүйнөдөгү бай мамлекеттер менен кызматташууну жолго салып, каражатын тартуу максатын көздөөдө.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Эднан Карабаев сапарын Сауд Арабстандан баштап, Индиядан аяктайт. Мындан тышкары Бириккен Араб Эмираттарында да болуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш мамлекеттер боюнча департамент директорунун орун басары Асанбек Осмоналиевдин билдирүүсү боюнча, бул сапардын башкы максаты бул бай мамлекеттердин Кыргызстанга мамилесин салмактап, кызматташууну арттыруу:

- Башкы максаты ал региондогу башкы мамлекет болгон Сауд Арабстандын жетекчилеринин деңгээлинде мамиле түзүү. Албетте, мамлекет башында турган адамдардын визитин келечекте уюштуруу. Андан тышкары биздин экономиканын кызыкчылыгына ылайык инвестиция тартуу, соода-экономикалык, гуманитардык катнаштарды күчөтүү.

Асанбек Осмоналиевдин айтымында, Эднан Карабаев Араб мамлекеттеринин жогорку бийлик жетекчилери менен гана жолугушпастан, ишкер чөйрө өкүлдөрү менен да кездешип, аларды Кыргызстандын кайсы тармактары кызыктыраарын байкап, кайсы тармакка инвестиция салууга тобокел кылса боло тургандыгы жөнүндө маалымат берип жатат. Алдын-ала божомол боюнча алар инвестиция салууга кызыкчы тармактар бир топ дейт Асанбек Осмоналиев:

-Биздин маалымат боюнча, ал тараптын инвестиция тоо-кен байлыктарын иштетүүгө, гидроэнергетика тармагына, айыл чарба азык-түлүктөрүн кайра иштетүүгө жана туризмге келет деп ойлойбуз.

Анткен менен 90-жылдардын башында араб мамлекеттеринин көңүлүн Кыргызстандан бурдуртуп, ирээнжиткен калпыс окуя кыргыз коомчулугунун жадында жакшы сакталуу. Экс-президент Аскар Акаев Израильге барып, Кыргызстан Иерусалимде өз элчилигин ачат деп жар салган кезде да Эднан Карабаев тышкы иштер министри болчу. Ошол окуядан кийин араб мамлекеттеринин Кыргызстанга мамилеси салкындап, түмөн байлыгынан мечиттерди курууга гана тыйын берип, экономикага кызыкпай калган.

Кыргызстандын мурдагы мамлекеттик катчысы, тажрыйбалуу дипломат Ишенбай Абдуразаков Араб мамлекеттери менен алаканы жакшыртуу аракетинде ошондой калпыс иштерден сак болуу зарыл деген ойдо:

- Мындай учурларда саясий маселелер боюнча абдан сак болуш керек. Бир өлкөгө барганда болбогон сөздөрдү айтып жиберип, калган дүйнөдөгүлөрдү таарынтып албагандай кылып, ойлонулбаган аракеттерден алыс болуп, сүйлөшүүлөрдү дыкат өткөрсө жыйынтыгы болушу мүмкүн.

Ишенбай Абдуразаковдун баамында, Кыргызстанда араб өлкөлөрүн кызыктыра турган тармактар арбын. Бирок алар салган каражаттын кайтарымы менен коопсуздугун камсыз кыла турган кепилдик менен алардын кызыгын арттыра жана ишендире ала турган иштиктүү программа менен ишкер мамиле жок.

Дүйнөдөгү ири мамлекеттердин экономикасында салмактуу орду бар араб өлкөлөрүн ынандырып тартуу үчүн дыкат ойлонулган комплекстүү программаны даярдоо керек дейт И.Абдуразаков:

- Тилекке каршы, биз өзүбүздүн колубузда болгон нерсени жакшылап көрсөтүп, ошону сатып ирээти менен иш кыла албай жатпайбызбы! Азык –түлүк жагынан экологиялык жактан таза, аларга керектүү нерселерди өстүрүп, даярдап жеткирип бере турган деңгээлге жетсек абдан жакшы болот эле. Анткени, араб өлкөлөрүнүн өзгөчөлүгү бар.

Ал эми чет мамлекеттердин көбү менен өз ара алака түзүп иштешип жүргөн депутат Бегалы Наргозуев араб инвесторлору келе турган болсо алардын каражатын эң ириде ири долбоорлорго жумшоо зарыл дейт:

-Сауд Арабстандын инвесторлору майда-чүйдө долбоорлорго көңүл бурбайт. Ошон үчүн өзүбүз келечектүү деп тандап алган тармактарга тартышыбыз керек. Маселен, акы төлөп жүрүүчү ири жолдорду куруу, ГЭСтерди куруу жана ирригациялык тармактарды салуу сыяктуу ири долбоорлорго тартып, ишендире алсак келиши мүмкүн.

Бирок Кыргызстанга буга чейин келген ири инвестиция, гранттардын бир далайларынын жең ичинен желип, дайынсыз кеткени чет өлкөлүк ишкерлерди арсар абалга кептелтип келет. Эгер араб ишкерлери Кыргызстанга кызыга турган болсо алар койгон шарттарды так аткаруу жана келишимдер ишке ашпай калса аны аткаруучу тараптарды жеке жоопкерчиликке тартуу зарыл дейт депутат Бегалы Наргозуев:

- Инвестиция келе турган болсо ал сөзсүз түрдө парламенттин жактыруусунан өтөт. Ошондо жоопкерчиликке тартуу нормаларды киргизип, көзөмөлдөсө болот.
XS
SM
MD
LG