Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:10

“Ал-Каида” террор уюмунун негизги командачыларынын бири, Ооганстанда бир топ аскерий операцияларды уюштуруп келген Абу Лаиз ал-Либи америкалык аскерлердин ракета чабуулунан Пакистанда тындым болгону айтылууда. Ооганстан менен чектеш Түндүк Важиристандагы соккудан ал-Либи менен кошо дагы 13 козголоңчу жок кылынган. Былтыр АКШнын вице-президенти Дик Чейни Ооганстанга барганда, ал жердеги америкалык аскерий базага жасалган чабуулду дал ушул ал-Либи уюштурган деп айтылып жүрөт.

“Ал-Каида” менен байланыштагы интернет-сайттын билдирүүсүндө ливиялык ал-Либи Пакистан аймагында башка козголоңчу жоро-жолдоштору менен бирге азап тартып жүргөн, деп айтылат. 31-январдагы ракета чабуулунан өлгөндөрдүн жарымысы араптар, жарымысы борбор азиялыктар болгону да маалымдалды. Associated Press маалымат агенттигинин кабарына караганда, ушул аймакта түркмөндөр менен өзбектер да өтө активдүү салгылашып жүрүшкөнү бар.

Бирок “Эркин Ооганстан” радиосунун кабарчысы Нажиб Амирдин айтымында, Пакистандын ички иштер министри Хамид Наваз бул маалыматты четке какты:

- Министр ал кабарларды четке какты. Анын айтымында, өткөн шейшембиде чын эле Түндүк Важиристандагы бир үйгө ракета жардырылган жана анда 12 козголоңчу тындым кылынган. Бирок ошол 12 кишинин арасында ал-Либи болгон-болбогонун министр тастыктай албады. Аскерлер ал жерге барганга чейин адамдар ал жактан кетип калышкан экен. Ошондуктан алар кишилерди көрө алышкан эмес.

Атын атабоону өтүнгөн вашингтондук расмий өкүлдөрдүн бирөөсүнүн айтымында, Ал-Либинин өлгөндүгүн күбөлөндүргөн далилдер бар. Ооганстандагы америкалык жана НАТО аскерлери бул тууралуу эч кандай кабар айтышкан жок. Кошмо Штаттардын коргоо министри Роберт Гейтс да маселе тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.

Ал-Либи өзү Осаба бин Ладен жетектеген “ал-Каида” террор уюмундагы эң таасирдүү кишилердин бири катары таанымал. Ал “ал-каидачылардын” бир топ видео-тасмаларында көрүнүп жүргөн эле.

Кабарларга караганда, ал былтыр февралда ооган жеринде болгон жардырууну уюштурган. Америкалык вице-президент Дик Чейнинин визити учурунда болгон ал жардыруудан 23 адам мүрт кеткен эле.

18-февралда Пакистанда парламенттик шайлоо өтөт. Анын алдынан минтип Пакистанда “ал-Каиданын” төбөлдөрүнүн бири өлтүрүлүп жатканы президент Первез Мушаррафды өтө ыңгайсыз абалга салып койду шекилди.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG