Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:41

12:08 Президенттин администрациясынын штаттык санына өзгөртүүлөр киргизилди


Өлкө башчысынын 1-февралдагы жарлыгына ылайык президенттин кеңешчилеринин жана жардамчыларынын саны кыскартылды. Мурдагы 4 кеңешчинин ордуна эми 2 кеңешчиси, 2 жардамчынын ордуна - бир жардамчысы болот. Ошондой эле эми Президенттин администрациясынын түзүлүшүндө коомчулук менен байланыш боюнча кызматы жана президенттин карамагындагы адам укугу боюнча комиссиянын катчылыгы болбойт. Адам укугу боюнча комиссияга жүктөлгөн милдеттерди, Кыргыз республикасынын Акыйкатчысынын аппараты аткарат. Президенттин администрациясынын кызматкерлеринин штаттык санынын 7 пайызга кыскарышынан бир жылда бюджеттик каржыдан 2,5 млн. сом үнөмдөлөт.
Ал эми президент Курманбек Бакиевдин буйругуна ылайык президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басарлыгына Абдырашит Бостонов дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. (AJ)

XS
SM
MD
LG