Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:50

17:15 УТРКнын нааразылык билдирген кызматкерлери Башкы прокуратурага арыз жолдошту


Бул тууралуу билдирген Бейшенбек Бекешовдун айтымында, УТРКнын имаратында ачкачылык жарыялаган кызматкерлерди компанияны кайтарган милициялардын күч менен сүрүп чыгарууга укугу жок болучу. “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган кароолдогу милицияларды мыйзамдын чегинде жоопко тартуу өтүнүчү менен башкы прокуратурага арыз жолдодук”,- дейт Бекешов. Ал ошондой эле УТРКнын жетекчиси Мелис Эшимканов кечээ (1-февралда) НТС каналы аркылуу “компаниянын кызматкерлерин жумуштан кетирүүнү президент Курманбек Бакиев менен макулдашкам” дегени канчалык чын экендигин тактоо иретинде президенттик администрацияга жана президенттин басма сөз катчысына кайрылышканын билдирди. Президенттин басма сөз кызматы бул маселе азырынча тактала электигин, жообун дүйшөмбү күнү беришерин “Азаттыкка” кабарлады. (AJ)

XS
SM
MD
LG