Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:51

ӨКМӨТ БАШЧЫ ЫСЫККӨЛДӨ ИШ САПАРЫ МЕНЕН БОЛДУ


Өкмөт башчы Игорь Чудинов 1-февралда Ысыккөлдө иш сапары менен болуп, Күрмөнтү цемент заводунун жана облустун абалы менен таанышты.

Премьер-министр адегенде Түп районунун Күрмөнтү цемент заводунун өндүрүштүк көлөмүнө ичи чыкпаганын белгилеп, ал жердеги цементтин наркынын жогору экенине кызыкты. Кыргызстан тарап бул заводду иштете албай койгондуктан, аны 10 млн. сомдон ашык карыз менен казак ишкерлери сатып алып, аз да болсо токтотпой иштеп атканын директору Жолдоспаев кыйытты. Директордун айтуусунда, бир тонна цементтин баасы төрт жарым миңден түшпөй атканы Кыргызстандагы Жыргалаң менен Каракече кени көмүр менен камсыз кыла албай калгандыктан Казакстандан ташылып келип атыптыр. Ошондуктан жылына 60 миң тонна көмүрдүн ордуна 6 миңи гана өндүрүлүп атат деп белгиледи.

Өкмөт башчы Игорь Чудинов облустагы токтоп турган өнөр жай ишканаларын Ысыккөл өкмөттүн жардамысыз өзү эле ишке киргизсе болот дейт:

- Тилекке каршы «Жеңиш» акицонердик коому “Ысыккөл сүт”, Ананьевадагы тамак-аш комбинаты сыяктуу беш ишкана иштебей атыптыр. Ысыккөлгө кайдан болсо дагы инвестор тартып долбоорлор менен иштөө оңой. Учурда бардык тармак өкмөттөн үмүт этип отурат. Мисалы айыл чарба министрлигине 2 миллиарддан ашык жардам акча берсек, эми дагы бир жарым миллиард сом сурап атат. “Анын баарын кантип иштетесиңер?”, - дедик. Бир сөз менен айтканда жөн эле акча берүү болбойт.

Премьер-министр Каракол шаарында өткөн облустук администрациянын жыйынындагы жерлердин тукулжырашы, саламаттыкты сактоо, социалдык абалдын начарлаганы боюнча маалыматты угуп, облустун дарегине сын пикирлерин айтты.

Өкмөт башчынын келгенинен пайдаланып, сугат суулары, айлана-чөйрө жана башка башкармалыктар союз убагынан ыдыраган көп тармакты ордуна келтирүүгө мамлекеттен жардам сурады эле, ынанымдуу далилдерсиз өкмөт бир тыйын да бөлбөйт деп кесе айтты. Жаңы өкмөт башчынын көлдүктөр менен алгачкы жолугушуусу ушундай маанайда өткөнүн ар ким ар түрдү кабыл алды:

- Айыл чарбасы боюнча алганда жер семирткичтер менен камсыздаш керек. Эң негизгиси катаал шарттагы, алыскы райондорго жардам бериш керек. Буга чейинки өкмөттөр деле мындай жардам берген эмес, - Тоң районунун Көкмойнок айыл өкмөтү Куштар Абакировдун пикири болду.

Көлдүн күңгөй тарабындагылар болсо өкмөттөн үмүт этпей калганыбыз качан деп, буларды айтат:

- Ички ресурсттарды ашар жолу менен, өкмөттөн, спонсорлордон чогултуп, таап чыкса болот. Гранттар бар, гранттар менен иштесе болот. Мисалы биз АРИС менен 4 жыл иштедик, бүттү. Эми кайра 4 жылга кирип атабыз, - дейт Торайгыр айыл өкмөтүнүн башчысы Мусабек Мамбетов.

Премьер-министр катышкан облустук жыйында жылуулук менен камсыз кылууда начар даярдыгы үчүн Балыкчы менен Каракол шаарынын башчылары жана айрым мекеме башчыларына катуу сөгүш берилди. Игорь Чудиновдун көрсөтмөсү боюнча 1-марттан баштап электр энергияга, социалдык төлөмдөргө карыз болгон эс алуу жайлар такталып, андан кутулмайынча жайкы эс алуу сезонуна иштетилбей турган болду.

XS
SM
MD
LG