Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:26

2-мартка белгиленген Орусиянын жаңы президентин шайлоонун өнөктүгү бүгүн расмий старт алды.

Шайлоого төрт талапкер расмий каттоодон өттү, бирок алардын ичинен Дмитрий Медведев гана азыркы президент Владимир Путиндин колдоосуна ээ. Сурамжылоолорго караганда, Медведев калгандардан ат чабым алдыда баратат. Серепчилер жана байкоочулар учурда өкмөт башчысынын орун басары болгон Медведев маалымат каражаттарында чагылдырууда калган талапкерлерден артыкчылыктарда ээ болуп жаткандыгын айтышууда. Башкалар Медведевдин популярдуулугун Путиндин 8 жылдык президенттиги мезгилиндеги экономикалык гүлдөп-өнүгүү менен түшүндүрүп жатышат.

Калган талапкерлер – Компартиянын жетекчиси Геннадий Зюганов, Либерал-демократиялык партиянын башчысы Влдимир Жириновский жана Демпартиядан Андрей Богдановдор. Сурамжылоолорго караганда, булардын бири да Медведевге олуттуу бөгөт боло албайт.

Өткөн айдын этегинде шайлоо комиссиясы "шайлоочулар тизмесинде жасалма жана шектүү кол тамгалар көп" деген шылтоо менен оппозиция лидери Михаил Касяновдун талапкердигин четке каккан эле. Путиндин кол алдында 2000-2004-жылдары өкмөт башчысы болуп турган Касянов марттагы шайлоону "көз боемоочулук" деп сыпаттап, аны бойкоттоого чакырууда.

Дагы бир оппозиция лидери Гарри Каспаровдун колдоочулары аны талапкер кылып көрсөтүү үчүн жыйын өткөрүүгө жай ала алышкан жок. Ал эми Борис Немцов декабрда эле шайлоого катышпай тургандыгын жарыялаган.

Анын аралыгында, Кремлдин байкоочулардын санын чектөөсү Орусиянын ЕККУ менен алакасын курчутууда. Кечээ Орусия уюмдун шайлоого байкоо жүргүзгөн кеңсесин шайлоону үзгүлтүккө учуратууну көздөп жатат деп айыптады:

-Биз мамлекеттердин теңдүү суверендүүлүгүнө негиздеп, шайлоону биргелешип, консенсуз менен байкоону сунуш этип жатабыз. Бирок ЕККУ бул сунушту ачык эле үзгүлтүккө учуратуу аракетин токтотпой жатат, - деп айтты Орусиянын тышкы иштер министринин кызматкери Сергей Рябков.

Бирок шайлоо комиссиясы аталган кеңсенин директору Кристиан Строхалды Москвага келерки аптага сүйлөшүүгө чакырганы белгилүү болду.
XS
SM
MD
LG