Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:02

АДАМ УКУГУ: ТАРАЗАНЫН ТАШЫ ООДУК


Эларалык Хюман Райтс Уотч уюму Кыргызстандагы 2005-жылкы түстүү ыңкылаптан кийин адам укугунун сакталышы жаатында орчун проблемалар чыгып жатканын, өлкө демократиялык жетишкендиктеринен кыйла артка кете баштаганын белгиледи. “Азаттыктын” “Бетме-бет” талкуусуна Кыргызстандын адилет министри Марат Кайыпов, “Демократия жана жарандык коом үчүн бейөкмөт уюмдар” ассоциациясынын жетекчиси Динара Ошурахунова катышты.

-Марат мырза, Human Rights Watch уюму 2005-жылы “жоогазын ыңкылабы” өткөндөн кийин Кыргызстанда адам укугунун сакталышында көптөгөн мыйзам бузуулар, көптөгөн артка кетүүлөр байкалды деген пикирин жарыя кылды. Себеп дегенеде адам укугу абдан көп бузулуп жатат, өзгөчө саясий-экономикалык жана башка укуктары деп жатат. Сиздин оюңузча, ушул эл аралык абройлуу уюмдун айткан сөзүндө канчалык деңгээлде чындык бар? Же бул чындыктан алыспы?

-Ушуга окшогон эл аралык уюмдардын баа бергендери, өзгөчө адам укугу деген шылтоо менен баа бергендерин этияттап кабыл алышыбыз керек. Анткени дүйнө жүзүндөгү мамлекеттерди байкап көрсөк, адам укугу бузулуп жатат. “Адам укугуна карабай коюшту, адам укугун сактабай коюшту” деген шылтоо-баалар бар. Бирок азыр ошо баа иштебей жатат. Ушуга окшогон уюмдардын артында турган мамлекеттер кийин бизге окшогон кичинекей мамлекеттерге өзүнүн үстөмдүгүн көрсөтүшөт да. Адам укугу жөнүндө сөз кыла турган болсок, бул баалуулуктарды сактоонун принцибин дүйнө жүзү боюнча кайра карап чыгыш керек го деп ойлойм. Өз алдынча, эгемендүү мамлекеттерге мындай баа берүү керек болсо ошол мамлекеттин көз карандысыздыгына, эгемендүүлүгүнө шек келтирген нерселер. Адамдын укуктары жөнүндө сөз кыла турган болсок, алар бир мамлекетте болуп жаткан нерсеге көз жумуп коет дагы, керектүү мамлекеттерге сөзсүз жабышып алат. Башка жака барбайлы, ошол эле кошуналарыбыз, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан менен салыштырып көрө турган болсок, ошонун артында турган мамлекеттерде Кыргызстанда кызыкчылыктары бар. Мына “Кыргызстанга ушундай көңүл бургула” дейт да. Эмнеге мен баалуулуктарга кайра караш керек деп жатам? Анткени булар демократиялык мамлекетте адам укугу деп жатышпайбы, бирок демократиялык принциптер бирдей эмес да. Ошол эле АКШда болуп жаткан окуяларга ошол эле башка мамлекеттер көз жумду кылып коюшу мүмкүн. Кыргызстандагы 2005-жылдан бери болуп жаткан өзгөрүүлөрдү көпчүлүгү байкагысы дагы келбей жатат. Ар кандай сурамжылоолор болуп жатат да, элдин ичинде. Мисалы 2005-жылга караганда азыр Кыргызстан жарандарынын дээрлик 70 пайызынан көпчүлүгү “биз өзүбүзгө-өзүбүз ишенип калдык, коркпой жашаганга, Кыргызстандан кетпей жашаганга, Кыргызстандын өсүп-өнүгүүсүнө ишендик, демек биз өзүбүзгө ишенебиз” деген дагы сурамжылоонун жыйынтыктары бар. Ал эми “азыркы бийликке ишенбейбиз” дегендердин саны 5 пайызга жетпейт.

-Динара, Human Rights Watch уюм 2005-жылкы Кыргызстандагы “жоогазын ыңкылабынан” кийин адам укугунун сакталышында көптөгөн проблемалар пайда болду. Кыргызстанда буга чейинки жетишилген ийигиликтерден артка кетенчиктөө байкалып жатат. Кыргызстанда адам укугунун сакталышында толгон-токой проблемалар чыгууда деген өзүнүн бир тыянагын чыгарды. Сиздин баамыңызда, ушул ойдун канчалык деңгээлде чындыгы бар?

-Эл аралык уюм дайыма Кыргызстанды көзөмөлдөшөт. Дайыма өзүнүн баасын берип турат. 2000-жылдан бери Human Rights Watch уюмунун отчеттору, анализдери Кыргызстанда кандай процесстер болуп жатканын, демократияга бул ылайыкпы же жокпу деп көрсөтөт. Сөзсүз Human Rights Watch уюму кайсы бир жерде отуруп алып, өзүнчө эле ал докладдарды жазып койбойт. Ал сөзсүз Кыргызстандагы саясий, коомдук уюмдардын кысымы боюнча ошолордун маалыматтарына, отчетуна таянат. Эми алар берип жаткан баа туура. Биз эгерде азыр карап көрсөк, 2005-жылдан бери Кыргызстанда адам укугунун сакталышы боюнча аябай артка кетти. Бул жөнүндө кандай фактор айтып жатат? Парламенттик шайлоодо бир нече адамдардын укугу бузулду. Биринчиден, оппозициянын партиясын шайлоодон өткөрбөй койду. Көп-көп участкалардагы протоколдордун жыйынтыгын бурмалоо болду. Биз дагы эле БШКдан расмий маалымат ала элекпиз, кайсы участкада, канча шайлоочулар, кимге, кандай добуш бергенин. 2007-жылы референдумдан баштап БШКнын маалымат бербегендиги бул өзүнчө бир прецедент болуп атат. Дайыма бийлик атайын өткөргөн митинг, акцияларга бут тосуу боюнча атайын токтомдорду чыгарып жатат. Эми бул 2007-жыл алгачкы жыл эмес. Мурдагы жылдары деле парламенттик шайлоонун алдында атайын токтомдорду кабыл алышкан. Эми азыр кабыл алганы менен бизге таасири болуп жатат. Анткени шайлоонун жыйынтыгы боюнча биз өзүбүздүн макул эместигибизди, ишенбегенибизди элдерге айтып жаткан жаштарды, укук коргоочуларды камакка алып жатышат.

-Марат мырза, “Мен ишенбейм...” аттуу жаштардын акциясы бийлик тарабынан абдан катуу жазаланды. Атап айтканда, айрымдарына айып пул салынды, ошол акцияга чыккандарды кармоо жүргүзүлдү, ушундан улам “бул бийлик оппозицияга каршы катуу күч колдоно баштады” дегенди түшүндүрөбү, же болбосо, бул мыйзам чегинде болуп аткан ишпи?

-Эгерде башка мамлекетти ала турган болсок, Кыргызстандан дагы башка, качан эле жеңилген тарап бийликти куттуктап, “мен жеңилдим, кийинки шайлоодо дагы көрөрбүз, азыр эми ийгилик каалайм, өлкөбүздө тынчтык болсун, кыргыздардын келечеги кең болсун” деген каалоолорду айтып туруп, элдин тандоосуна, элдин ыктыярына баш ийип бермек эле? Бул дагы болсо, биздин Кыргызстандагы оппозициянын жаңы жаралып жатканы, балалыгы болсо керек, ушуга окшогон акцияларды уюштуруп турат да “мен ишенбейм” деген сөздөр менен, жаштардын артында сөзсүз биздин саясатчылар турат. Азыркы болуп жаткан бийликтин аракети, бул мыйзамдуу элдин тандоосун сыйлоо, ага баш ийүү.

-Камак демекчи, жакында “Мен ишенбейм...” аттуу жаштардын бир акциясына бийлик абдан катуу кысым жасады. Жаштар аянтка чыгып-чыга электе алып барып камашты. Аларга айып пул салынып жатат. Динара, сиздин оюңузча, мына ушул адамдардын саясий укугун чектөөгө киреби?

-Сөзсүз. Биз айтабыз, бул адам укугун чектегенин азыр элдер түшүнбөй жатат да. Бул чындыгында эле абдан чоң доо кетирет биздин өлкөбүзгө. Анткени мына карасак, элдер митингке чыгып, өз ойлорун пикирин айтканга кысым болгон жок. Азыр жөн эле чыгып, көчөдө баратып, “мен ошого ишенбейм” деген балдарды-кыздарды кармап кетип жатат. Анткени азыр айтып жатат, “мына сен деген ушундай бир пальтоңдо “мен ишенбейм” деген наклейка бар экен. Андай болбошу керек” деп. Бул өзүнчө бир прецедент. Анткени буга чейин Кыргызстанда эч качан мындай болгон эмес. Эч качан Кыргызстанда жөн эле басып бара жаткан адамды “сен мындай басышың керек, мындай пальто кийишиң керек, мындай значок кийип жүрүшүң керек” деген болгон эмес. Мына азыр болуп жатат. Азыр ошентип жөн эле бара жаткан балдарды кармап, “силер туура эмес сүйлөп жатасыңар, туура эмес басып жатасыңар, туура эмес ойлонуп атасыңар” деген полицейский режим болгон эмес. Ошол жерден укук коргоочулар элдин, бийликтин, тартип коргоо кызматкерлеринин көңүлүн бурдурайын десек, көрүп жатабыз буга көңүл бурбай жатат, укугубуз бузулуп жатат.

-Марат мырза, мына жакында Кыргызстанда чыкылдаган катуу аяз болду. Мына ошол аязда үй-жайсыз кыйналып жүргөн, айрым кыргызстандык атуулдарды жылуу жайга көчүрүү аракети болду. Ошол эле мезгилде алардын көпчүлүгүн кармоочу жайга алып барууда жөнөкөй эле үй-жайсыз калгандар эмес, жөн жай кишилердин көбү деле кармалып кетти да. Мына ушул боюнча сиздин кабарыңыз барбы?

-Көчөдө абдан суук болбодубу. Жаңы жылдан баштап 9-январга чейин элүүгө жакын киши тоңуп өлгөн. Ошолордун жетөөнөн башкасы кудум ушуга окшогон селсаяктар экен. Бийликтин аракети – ошолор өлүп калбасын деген аракет да. Салмактап көрөлү да бийликтин жасаган жакшы жагы менен жаман жагын. Адам укугу бузулду деп эле тыянак чыгарып, көчөгө чыга бербей. Мүмкүн арасында бир-экөө өзүнүн селсаяк экенин далилдей албаган кишилер бардыр, баягы паспорту жок. Бирок бийликтин аракети ошолор көчөдө тоңуп өлүп калбасын деген масат да.

-Динара, мына билесиз, кыш бизде абдан суук болуп, чыкылдаган темир аяз болуп турду январь айында. Мына ошондо биздин үй-жайсыз жарандарыбыздын абалын кандай да болсо жеңилдетүү боюнча өкмөттүн аракети болду. Эч ким бул аракеттен кине таппайт. Бирок ошол эле учурда камкордукка, жардамга муктаж, үй-жайсыз адамдардын катарында, үй-жайы бар, башка иш менен кетип жаткан, бирок паспорту жок кишилерди деле чогултуп келип, ошолордун укугу абдан кордолгондугу тууралуу сиздерде маалыматтар кетип жатат. Биздин мыйзам коргоочу милиция, же ички иштер кызматтары мына ошол жерде адамдардын укугун бузду деп ойлойсузбу?

-Биз өзүбүз Конституция боюнча демократия өлкө деп аталабыз. Бирок ошого карабастан, мына биз укук коргоочулар камакка алынгандан кийин чындыгында абдан чоң фактыларды ачтык. Ошол фактылардын арасында жөнөкөй эле адамдарды камакка алып, эч кандай сотко адвокатсыз, укугун бузууну көрдүк. Бул эми коррупция да. Азыр, биринчиден, приемник-расспределителге кармап жаткан адамдардын паспорту жокпу, барбы деген биздин өлкөдө паспортный режим деген жок, бизде военный положение деген да жок. Ошон үчүн жөнөкөй эле басып жүргөн адамдарды булардын документи жок деп алардан акча өндүрүү үчүн кармашып, атайын приемник-расспределителге отургузуп жатканын укук коргоочулар өздөрү көрүштү. Камактан чыккандан кийин ошол жерге атайын барып, мониторинг жүргүзгөндө коркунучтуу фактылар ачылып жатат. Көрсө, миңдеген адамдарды, биздин милиционерлер Бишкекке башка региондордон келген адамдарды кармап эле, ошол приемникке отургуза берет экен. Ал жерден акча бермейин чыгарбайт экен. Ошонун ичинен булар айтып жатышпайбы биз паспортун, ал кишилерди текшериш үчүн деп. Бирок алардын туугандарын таап, ким экенин, кайсы жерден келгенин текшербептир. Булар ошол адамдарды кармап коюп эле, басып жүрө берет экен. Туугандары билбейт экен, анткени эч ким алар менен байланышпайт. Кармалган адамдар туугандары менен байланышуу үчүн акча төлөп, “бир мүнөткө мен сүйлөшүп алайын” дегенден соң гана туугандары келип, бир нече акча төлөгөндөн кийин балдарды чыгарып алат экен. Ал жерде сот дагы туура кармалдыбы же жокпу деп карабайт экен. Эч кандай протоколдор дагы толтурулбайт экен. Ошентип келип эле, малга окшоп эле, кармап, акча алып, кайра аны чыгарат. Мына ушуну укук коргоочулар көрдү. Андан соң мониторинг өткөргөндөн кийин булар үч күндүн ичинде миңдеген адамдарды тез арада чыгарып жиберген факт бар.

Тектеш

XS
SM
MD
LG