Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:41

БАНКТАР КРЕДИТ АКЧАНЫН ҮСТӨК ПАЙЫЗЫН КӨТӨРҮШТҮ


Кыргызстандагы банктар турак-жайга, унаага жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү максатында берилүүчү насыя акчалардын үстөк пайызын жогорулатышууда. Алар мунун себебин АКШ долларынын куну түшүп кеткендигине жана Казакстандагы банк кризисине байланыштырып жатышат.

Жаңы жылдан тарта Кыргызстандагы банктардын, кредиттик союздардын насыя акча берүүдөгү үстөк пайызы жогорулады. Ушул тапта эң төмөнкү үстөк пайыз 22-25%ды түзүүдө. Ал эми айрым банктарда 35-40%га жетти.

Кыргызстандагы эң төмөнкү үстөк пайыз менен кредит берет деп эсептелген “Айыл банкы” акчаны кыргыз өкмөтүнөн алат. Өкмөт аларга каражатты инфляциянын деңгээлине жараша үстөк пайыз кошуп берет. Жакында эле Улуттук Банк 2008-жылы инфляциянын деңгээли 12-15%дан ашпай тургандыгын белгиледи. Демек, мурдатан 12-15% үстөк менен берилип келе жаткан “Айылбанктын” кредиттери эми 22-25%га чыгат. Бул көрүнүш жалаң эле “Айылбанкка” эмес, Кыргызстанда иш жүргүзгөн бардык коммерциялык банктарга жана кредиттик союздарга тиешелүү болуп жаткан көрүнүш. Байкоочулардын баамында жаңы жылга чейин эле айрым банктар турак-жай жана автоунаа сатып алууга берилүүчү насыяларды кыскартып, айрымдары убактылуу токтотушкан.

Кыргыз бийлиги банк тарабынан берилүүчү кредиттин үстөк пайызы бара-бара арзандап, беш-он жыл аралыгында кардарлар насыяны батыш өлкөлөрүндөгүдөй эле өтө аз үстөк пайыз менен ала башташат, деп ишендирип келген. Бирок иш жүзүндө такыр башкача болуп, тескерисинче үстөк пайыздар жогорулап жаткандыгына кардарлар нааразы болушууда.

Атын атагысы келбеген аялдын айтуусунда алар айыл-чарба ишине колдонуу максатында 100 миң сом кредит алып, аягында эч кандай пайда болбой калгандыгын айтат:

-Бакиев айтып атпады беле, кредиттин үстөк пайызы ылдыйлайт деп. Бирок андай болбой эле жогорулап баратат. Биз 25% үстөк менен 100 миң сом алдык эле, кургакчылык болуп, түшүм жакшы болбоду. Эч кандай пайда көргөн жокпуз.

Ысыккөлдө ипотекалык же турак-жай сатып алуу үчүн берилүүчү кредит убактылуу токтоп турат. АТФ банкынын аймактагы кызматкери Азамат Кубанычбеков “Азаттыкка” учурда ишкердүүлүктү өнүктүрүү максатында насыя берилип жаткандыгын маалымдаган. Анын айтуусунда, ушул тапта үстөк пайыздын өлчөмү 25%га жогору болууда. Ал эми эсептешүү-сактык компаниясынын кызматкери Туратбек Ашырахманов компания жакындан тарта 27% үстөк менен айыл-чарба иштерин жүргүзүүгө, автоунаа сатып алууга, үй тургузууга насыя акчалар 1-2 жылдык мөөнөт менен берилип жаткандыгын айтат. Мындай насыя акча алууну каалагандар сөзсүз түрдө күрөөгө турак-жай коюуга тийиш.

Насыянын үстөк пайызынын жогорулашын Жалалабаттагы айрым банктар АКШ долларынын куну түшүп кеткендигине байланыштырышууда. Бул мурдатан кредит алып жүргөн кардарлардын нааразычылыгын туудуруп жатат. “Экобанктын” Жалалабаттагы филиалы көп жылдардан бери кредит берип, кардарлардын ишенимине кирген. Аталган банк буга дейре 25 пайыз үстөгү бар кредиттер менен элди тейлеп келсе, жыл башынан тарта Исламдык каржылоонун түрүнө өттү. Банк тарабынан терең изилденген адамдардын ар түрдүү тармакта бизнес жүргүзүүсүнө 250 миң долларга чейин кредит берилет. Январь айында “Экобанктан” Сузактык ишкер 35 миң доллар кредит алды. Банктын деректири Айнура Осмонованын айтымында, кардарлар алган кредиттерин максаттуу иштетип, тапкан пайдасын банк менен тепе-тең бөлүшүүгө тийиш.

Кыргызстан акционердик-коммерциялык банкынын Жалалабат облусундагы филиалы ушу тапта керектөөчүлөргө насыя акчаларды берип жатат. Бирок, баалар кымбаттап, АКШ долларынын куну түшө баштагандыктан жеке ишкерлерге берилүүчү насыя акчалардын үстөк пайызы жогорулады. Европалык банктын программасы менен иш жүргүзө баштаган филиал менен келишим түзгөн кардарларга түрдүү өлчөмдөгү кредиттер берилет. Банктын башкы деректиринин орунбасары Эркин Молдоматовдун түшүндүргөнүнө караганда насыя акчалар канчалык көп өлчөмдө алынган сайын анын үстөк пайызы төмөндөй берет. Жыл башынан бери Кыргызстан АКБ банкынын облустук түйүнү 252 адамды кредит менен камсыз кылды. Кредитти кыргыз сому менен алган адамдар жылдык 33 пайыздан 28 пайызга чейин, доллар менен таркатылган насыя акчаларга 30-25 пайыз үстөк төлөшөт.

Банктан алынган кредиттер туура иштетилсе кардар да пайда алат.Сузак районунун жашоочусу майда жандык өстүрүү үчүн жеңил үстөгү бар кредит алып, анын талаптарын ай сайын аткарууда.

Ал эми жеке ишкер Орозбек Шеркулов кыйла жылдан бери Кыргызстан АКБ банкы менен кызматташат. Анын жеңил машина сатып алуу үчүн алган 8 миң доллар кредити өзүн актап жатат. Бирок, анын пикири боюнча экономикалык эсепти жакшы жүргүзбөй, алган акчасын максаттуу жумшабаган адамдар көбүнчө сызга отуруп, кредитти төлөмөк тургай, үйдөн жок же чүйдөн жок калгандары да жок эмес. Орозбектин да бирөөлөр “пахтадан мынча сомдон пайда табасың” десе, 3 миң долларын алдын ала таркатып, кийин анысын кайтара албаган учуру болгон:

-Башында билбестик болгон учурлар болгон. Бирок эсеп-чотту жакшы жүргүзүп, акчаны эмне үчүн алганыңды терең ойлонсоң эле ордуна түшөт, өзүн актайт. Кыргыздар эмне кылабыз? Асмандан түшкөн акчадан бетер туугандарга карызга таратабыз, уул үйлөйбүз, кыз беребиз, аш өткөрүп, той жасап, болушунча чачабыз. Аягында же акчадан жок, же пайдадан жок отуруп калабыз. Мунун өзү туура эмес. Бирок азыр эл да түшүнүп калды, кредит алып иштеткендер билип калды, кантип анын пайдасын табышты...

Айрым адистер кредит үстөк пайыздарынын жогорулашы Казакстандагы банк кризисине да байланыштуу болуп жаткандыгын айтышууда. Анткени Кыргызстанда турак-жай, автоунаа сатып алууга, ишкердүүлүктү өнүктүрүүгө башка банктарга салыштырмалуу көрүнүктүү деңгээлде төмөн үстөк пайыз менен насыя акча берген банктар негизинен Казакстандын коммерциялык банктары болчу. Европадагы өнүгүү жана реконструкция банкынын улук кеңешчиси Жоомарт Оторбаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча Казакстандын банктары учурунда батыштагы ири банктардан насыя алган, аны дагы үстөк пайыз кошуп, керектөөчүлөргө тараткан. Эми аны кайтаруу мезгили келгенде алар үчүн да кыйын кезең болуп жатат:

-Мисалы казак банктары 7-8% үстөк менен баштыштын банктарынан карыз алышкан. Быйыл үстөк пайыз 11-12% өстү. Казак банктары эми алган карызын кымбатыраак төлөөгө мажбур болуп атышат. Ошондуктан, аларда бизге эмес, өздөрүнө каражат жок болуп атат,

-дейт Жоомарт Оторбаев.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG