Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:32

- Жогорку Кеңеш Кыргызстандын жаңы жылга бюджет долбоорун биринчи окууда кабыл алды. - Укук коргоочулар тартип коргоо кызматкерлеринин мыйзамсыз кармап камоолорун айыптап, Бириккен Улуттар Уюмуна арыз жолдошту - УТРКнын жыйырмадай кызматкери жетекчиликтин кадр саясатына каршы ачкачылык акциясына чыгышты. - Айт намазын борбордук аянтта окууга тыюу салуу жөнүндө ИИМдин сунушу мусулмандардын катуу каршылыгына кабылды.

КАЗЫНАДА АКЧА АЛТЫ МИЛЛИАРД СОМГО КӨБӨЙӨТ

Жогорку Кеңеш 1-февралда 2008-жылга бюджет долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Каржы министри Тажикан Калимбетова парламенте берген маалыматка караганда, быйылкы жылы республикалык бюджеттин кирешеси 36 миллиард 300 миллион сом, ал эми жалпы мамлекеттик бюджеттин кирешеси 41 миллиард 500 миллион сом болуп эсептелди. Өткөн жылга салыштырмалуу бюджеттин кирешеси 6 миллиард сомго көбөйүүдө. Казынага "Манас" аба майданындагы АКШнын аскердик базасынан 17, 5 миллион доллар түшөрү пландаштырылган. Мындан сырткары Украина убада кылган грант каражаттарын берсе, Кумтөр алтын кени боюнча жаңы келишим бекисе, дагы бир далай акча келүүгө тийиш.

Бюджеттик каражаттардын орчундуу бөлүгү социалдык маселелерди чечүүгө жумшалат. Табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуга былтыркыдан көбүрөөк каражат каралган. Ошол эле учурда сырткы карызды төлөөгө мурдагыдан азыраак каражат каралган, бирок сырткы карыз мурдагыдай эле бюджетке оорчулук келтирген маселе бойдон калууда. Кыргызстандын тышкы карызы 2 миллиард 200 миллион доллар. Өткөн жылы сырткы карызды төлөөгө 1,5 миллиард сом жумшалган. Быйылкы жылы 1,2 миллиард сом жумшалышы керек.

Бюджет долбоору боюнча парламентте социал-демократтар менен коммунисттердин сын-дооматтары чоң болду. Социал-демократтардын өкүлү Роза Отунбаева бюджет долбоорунда экономиканы өнүктүрүүгө, элди социалдык коргоого орчундуу көнүл бурулбай, мамлекеттик чиновниктерге мурдакыдай эле көп каражат чыгымдалып жатканын айтып, сындап өттү:

-"Биздин министрлер кандай машинелерде жүргөнүн карагыла. Алардын жашоосу кандай! Чоң кызматка дайындалар менен иш ордун кайрадан жасалгалап, кымбат баа италиялык эмерегин ыргытып, ордyна жаңысын койдуртат. Билесиздерби, биз жакшы жашап жатабыз. Кыргызстан калкынын 40% кедей жашайт. 10% жакырчылыктан башы чыкпай келатат. Ал адамдарды эмне үчүн ойлобойбуз? Акчаны ошолорго жумшаш керек эле го!", - деп сүйлөдү Роза Отунбаева.

Коммунисттер фракциясынын депутаты Бейшебек Акунов өндүрүштө өсүш жок, ошол эле учурда салык жүгү оорлоп барататканына тынчсыздануу билдирди. Анын айтымында, мамлекеттин мындай саясаты өлкөнү туңгуюкка алпарып такашы мүмкүн:

-Өндүрүштүн көлөмү ички дүң продукцияда 2004-жылы 51 пайыз болсо, эми силердин планыңар боюнча 43 пайызга түшүп калыпсыңар. Ошол эле учурда салык менен кызмат көрсөтүү 56 пайызга өсүп атат. Эгер ушул бойдон кете берсек, республиканы бир жаман ишке алып келебиз. Эгерде бизге импорт берип аткан мамлекеттер менен мамилебиз бузулуп кетсе, анда таптакыр отурдук дей бергиле.

Мамлекеттик бийлик башчылары Кыргызстандын экономикасы азыркы тушта керектөө форматынан инвестициялык форматка өтүп жатканын негизги өзгөчөлүк катары билдирип келатышат. Бул деген эң биринчи экономиканы сырттан тартылган инвестициялардын эсебинен өнүктүрүү дегенди билдирет. Президент К. Бакиев 10-январда парламентке жана өкмөткө жолдогон кайрылуу сөзүндө экономикада макроэкономикалык көрсөткүчтөр жаман эмес экенин белгилеп, экономикалык өсүштүн натыйжасында көптөгөн социалдык чечилбей келаткан маселелер чечилип жатат, деп белгилеген болчу.

«Биринчи кезекте жарандарга татыктуу эмгек акы төлөөдө оң жылыш болду. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди эмгек акысы дээрлик 60 пайызга жогорулады. Акыркы жарым жылда пенсиялардын база бөлүгү эки жолу жогорулатылды”,-деп Курманбек Бакиев айрым социалдык жетишкендиктерди айтып өткөн.


УКУК КОРГООЧУЛАРДЫН АРЫЗЫ УЛУТТАР УЮМУНА КЕТТИ



Кыргызстандык укук коргоочулар Бишкекте болуп жаткан мыйзамсыз кармап камоо фактылары боюнча арызданып БУУга кайрылуу жолдошту. Алар Улуттар уюмунун өкүлдөрүн Кыргызстанга чакырып, адам укуктары жаатындагы абалды оңдоо үчүн кыргыз бийликтерине таасир этүүгө үндөшүүдө.

Укук коргоочулардын айтымында, милиция кызматкерлери Бишкекте «Селсаяк» деп аталган рейдди жүргүзүү маалында жүздөгөн жарандарды көчөдөн мыйзасыз кармап барып камап, аларды акча доолап алып туруп чыгарып жатышкан. Рейд башталгандан бери 1627 адам милициянын ушундай укуругуна илинип, убактылуу камоо жайларына жеткирилген. Ал эми өткөн жылы көчөдөн кармалып камалгандар сегиз миңден ашуун адам болгон.

Милициянын убактылуу камак жайына түшкөндөр сыз, муздак жерде тамаксыз жатышат. Кармалгандар ачык түрдөгү кургак учук менен ооруган адамдардын арасына кошуп суткалап камалган, зордоп иштетилген учурлар да жайылган көрүнүш болуп калган.

Бишкектеги милициянын камак жайынан Зульфизар аттуу келин укук коргоочулардын жардамы менен араң кутулуп чыккан. Ал Бишкекке Жалалабад шаарынан күйөөсү, төрт айлык баласы менен жумуш издеп келген. Документи жок жүргөндүктөн, көчөдөн милициянын патрулуна илинип, милиция сураган акчаны бере албаган үчүн камакка түшүп, төрт сутка кордук көргөнүн «Азаттыкка» келип, ыйлап айтып отурду.

«Төрт сутка бир бөлкө нан жеген тейден отурдум ошол жерде. Алты камераны муздак суу менен жууп, корридорлорду тазалаттырды. Мен өзүм оорукчанмын, кан басымым көтөрүлүп кетти. Буттарым шишип, басууга гана эмес сүйлөөгө ахвалым жетпей калды»,-деди Зульфизар.

Укук коргоочулар бир нече күн катары менен Бишкектеги убактылуу кармоочу жайга кандай адамдар түшүп атканына байкоо салышкан. «Жарандар коррупцияга каршы» уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилованын айтымында, Бишкекте милиция жарандарды кармап-камап, анан камалган шордуулардын туугандарынан акча өндүрүп алганга кынык алышкан.

«Жөн эле сыртка тамекиге, же баласына сүт алганга чыккан адамдарды ар кайсы райондун милициялары зөөкүрчүлүк менен сенин документиң жок деп, туугандарына айтпай туруп убактылуу кармоочу жайга кармап алып, анан туугандарынан 500 сомдон 1500 сомго чейин, же болбосо бизде фактылар бар, 300 долларга чейин акча алып атышат. Бул жерде бир нече жылдан бери келаткан коррупциянын башы чыгып атат. Анткени, адамдарды чыдамсыз акыбалда кармап алып туруп, документин изилдебей туруп, туугандарын жалдыратып, ушундай акыбалга алып келип атат,-деп айтты Төлөйкан Исмаилова.

Милиция жетекчилиги укук коргоочулардын сын-дооматтарын моюга албай, көчөдөгү текшерүүлөр коопсуздукту чыңдоо, коомдук тартипти сактоо максатында жүргүзүлгөн иш чара экенин белгилешүүдө.

Укук коргоочулар 28-январда Бишкекте чогулуп жыйын куруп, мыйзамсыз кармоо фактыларын талкуулашып, ага Президентке караштуу адам укуктары комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акунду чакырышты. Жарандык укуктар тепселип, милициянын кордугу өткөн көрүнүштөр, фактылар боюнча президентке, парламентке кайрылуу каттар кабыл алынды. Укук коргоочулар ошондой эле мыйзамсыз камалып милициядан кордук көргөн жарандардын иштери боюнча милицияны сотко бермекчи да болуп жатышат.

УЛУТТУК СЫНАЛГЫДА УКУК БУЗУУЛАРБЫ ЖЕ КЛАНДАР КАРМАШЫБЫ?




Улуттук телерадиокорпорациянын жыйырмадай кызматкери жетекчиликтин кадр саясатына каршы болуп, 31-январда ачкачылык акциясын башташты. Алар УТРКнын учурдагы жетекчиси Мелис Эшимканов реформаны бетке кармап, кызматкерлерди мыйзамсыз бошотуп, которуштуруп жатканын айыпташып, анын кызматтан кетишин талап кылышууда. Жетекчиликтин кадр саясатына каршы кызматкерлерди ачкачылык акциясына башында улуттук сыналгынын мурдакы вице-президенти Бейшенбек Бекешов баштап чыккан.

«Биз Мелис Эшимкановдун ээнбаштыгынын запкысын тартып, мыйзамдык, атуулдук, чыгармачылык укуктарыбыз тепселип, адам катары, адис катары кордогонуна чыдабай, мөөнөтсүз ачкачылыкка чыктык. Реформасы ушул – телевидениеге өзүнүн кишилерин алып келиш керек экен, болгону ушул»,-дейт Бейшенбек Бекешов.

Мелис Эшимканов улуттук телерадиокорпорациянын башкы деректиринин милдетин аткаруучу болуп ноябрда парламенттик шайлоонун алдында дайындалган. Ал улуттук сыналгыны сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүү жөнүндө программа концепция бар экенин мурдатан эле айтып келаткан. Эшимканов ишин баштагандан бери улуттук сыналгыда сезилерлик өзгөрүү деле байкала элек. Эми минтип анын улуттук сыналгыда реформа баштоо аракеттери жамааттын ичинде каршылыктарга тушугууда.
Мелис Эшимканов өзү кландык, жердештик илдеттерден чыга албаган айрым кызматкерлер анын реформа кылуу аракетине каршы чыгып жатканын айтууда:

“Бир жарым миң кишинин баарына жагып, тил табышуу кыйын. Анын үстүнө Улуттук телеканалда жердешчилик, кландык жана башка коррупцияга аралашкан оорулар бар экен. Албетте бирөөнүн оозунан эле жеп аткан тамагын Эшимканов жулуп алса, нааразылык болот. Мен ушундан эле билгим келет: Улуттук телеканалдын жамааты реформага даярбы, жокпу? Даяр болсо ким даяр, кимдер баягы эле эскичесинен Бекешовду ээрчип жүрө беришет.. Мен бардыгын таразалап, адамгерчилик чекти тебелебөөгө аракет жасадым.”

АЙТ НАМАЗДАРЫНЫН АЙЫНАН ЧОҢ ЧЫР ЧЫГАБЫ?




Бул жумада айт намаздарын Бишкектин борбордук аянттарында окууну токтотуу жөнүндө сунуштар боюнча талаш-тартыштар күчөп чыкты. Милиция көтөргөн бул сунушка муфтияттын, борбордук мечиттин, мусулман уюмдарыны өкүлдөрү дароо эле каршы чыгышты. Мусулман уюмдарынын таламын талашып Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу да парламентте билдирүү жасады.

Айт намазын окууну борбордук аянттан башка жерге көчүрүү сунушу менен Ички иштер мнистрлигинин жетекчилиги өкмөткө былтыр эле кайрылган. ИИМдин жүйөөсү боюнча айт намаз күндөрү борбордук аянттын тегерегиндеги чоң көчөлөр бир убакта тосулуп, жол кыймылы кыйындоодо. Ошол эле учурда улам барган сайын майрамдык намазга келген адамдардын саны да көбөйүп, борбордук аянтка батпай да баратат.

Жылына Курман айт жана Орозо айт күндөрү майрамдык намазды Бишкекте эски аянтта же Алатоо аятында өткөрүү көп жылдан бери салтка кирип калды. Алгачкы жылдары майрамдык намазга он миңдей адам келип жүргөн болсо, соңку жылдары майрамдык намазга келгендердин саны элүү миңден ашып, улам көбөйүп баратат. «Ошондуктан бул жерде башкы маселе адамдардын коопсуздугу жөнүндө болуп жатат»,- дейт ИИМдин маалымат борборунун башчысы Бакыт Сейитов.

«Акыл-эс, Ыйман» коомунун жетекчиси Дүйшөн ажы айт намаздарын борбордук аянтта окутпай тыюу сала турган болсо, мунун айынан чоң чыр-чатак чыгышы мүмкүн деп эскертет: «Эл менен бийликти, күч органдары менен элди кагыштырбаш үчүн айрым кишилер эртерек эстерине келиш керек.»

Бишкек шаарында баардыгы 27 мечит бар. Дагы он чактысы курулуп жатат. Алардын катарында 6,5 гектар аянтка курулуп жаткан чоң мечит да бар. Бирок ал деле 10 миң кишини араң батырат. Ошондуктан мусулман уюмдары борбордук аянтта айт намаздарын өткөрүүгө тыюу салбоону суранышууда. Эгер бул мүмкүн эмес болсо, анда алар айт намаздарына шаардагы Жеңиш аянтын берүү жөнүндө талап коюшууда. Анткени тарыхый маалыматтар боюнча ал жерде мындан көп жыл мурда чоң мечит болгон экен.
XS
SM
MD
LG